БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Социалдык тармактарда Кабул аэропортунан тартылган таң калычтуу кадрлар тарап жатат. Видеодон Афганистандын жарандары кандай жол менен болсо да өлкөдөн чыгып кетүүгө жандалбастап, самолёттун дөңгөлөгүнө жармашып кетүүгө, астын тосуп чыгып токтотууга аракет кылууда.
Exclusive- A clear video (from other angle) of men falling from C-17. They were Clinging to some parts of the plane that took off from Kabul airport today. #Talibans #Afghanistan #Afghanishtan pic.twitter.com/CMNW5ngqrK
— Aśvaka - آسواکا News Agency (@AsvakaNews) August 16, 2021
Кадрлардын биринен абага көтөрүлүп жаткан самолёттун эшигинин жанына жармашып алган афгандыктарды көрүүгө болот. Башкалары шассини кармап учуп кетүүгө аракет кылышкан. Бул видеону Афганистандын Aśvaka маалымат агенттиги Twitter баракчасына жүктөдү. Андан соң басылма шассиге жармашып алган эки адам учуп түшкөнүн тастыктады.
Exclusive - The video shows a flight from #Kabul airport where two people are thrown from a plane into the the people's homes.#Afghanistan #Taliban pic.twitter.com/GlSgjNApJj
— Aśvaka - آسواکا News Agency (@AsvakaNews) August 16, 2021
Аны менен катар АКШ учагынын эшигинин жанына отуруп алган үч адам үйдүн үстүнө түшкөнү маалымдалды. Алардын баары мерт болгон.
BREAKING NEWS - Locals near Kabul airport claim that three young men who were holding themselves tightly in the tires of an airplane fell on top of people's houses. One of the locals confirmed this and said that the fall of these people made a loud and terrifying noise. pic.twitter.com/BtIovAhoDL
— Aśvaka - آسواکا News Agency (@AsvakaNews) August 16, 2021
Дагы бир роликте афгандар учуп-конуу тилкесинде АКШнын учагын көздөй чуркап баратканын көрүүгө болот. Бир нече адам ордунан жылып жаткан аба кемесине жармашып бараткан.
Белгилей кетсек, талибдер борбор калааны басып алгандан кийин Кабул аэропорту чыр-чатактын чордонуна айланды. Миңдеген жарандар жардам сурап өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылууда.