Өкмөт жаңы окуу жылын 15-сентябрдан баштоону чечти

Окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо жана эпидкырдаалга байланыштуу кабыл алынды.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды.

"Учурда билим берүүнүн бардык баскычтарындагы мекемелерде кенже жана техникалык персоналды кошкондо 152 827 кызматкер эмгектенет. Ошол эле учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 12-августка карата 56 114 кызматкерге COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасы сайылган, бул 36,7 пайызды түзөт. Жамааттык иммунитетти түзүү үчүн кызматкерлердин 70 пайыздан кем эмеси эмделиши керек. Бшкача айтканда, өлкөдөгү кеминде 52 миң билим берүү кызматкери вакцина алуусу абзел", — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде окуу жылынын башталышын жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына да салым кошору белгиленди. Бул туризм секторун калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизери кошумчаланган.

Мындай токтомдун кабыл алынышы билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысына, ошондой эле окуу процессине таасирин тийгизбей турганы айтылды.

Андан тышкары, окуу жылы 11-сентябрдан кийин башталган бир катар чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0