https://sputnik.kg/20210811/manas-aba-majdany-ehmdoo-punktu-achyldy-1053508406.html
"Манас" аба майданында кошумча эмдөө пункту ачылды
"Манас" аба майданында кошумча эмдөө пункту ачылды
Sputnik Кыргызстан
Коронавируска каршы вакцина сая турчу жер саат 08:00дөн 16:30га чейин иштейт. Вакцина алчулар сөзсүз түрдө паспорту менен барышы керек, маалыматтар базага... 11.08.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-08-11T10:15+0600
2021-08-11T10:15+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104857/98/1048579868_0:0:3077:1731_1920x0_80_0_0_bdd126fcba09301199b4a633d8b0a18f.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104857/98/1048579868_346:0:3077:2048_1920x0_80_0_0_827def22676990a9e10b3cf64bf3871a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, "манас" эл аралык аэропорту, коронавируска каршы эмдөө, кыргызстандагы коронавирус
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, "манас" эл аралык аэропорту, коронавируска каршы эмдөө, кыргызстандагы коронавирус
"Манас" аба майданында кошумча эмдөө пункту ачылды
10:15 11.08.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Коронавируска каршы вакцина сая турчу жер саат 08:00дөн 16:30га чейин иштейт. Вакцина алчулар сөзсүз түрдө паспорту менен барышы керек, маалыматтар базага киргизилет.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. "Манас" эл аралык аба майданынын санитардык-карантиндик пунктунда кошумча эмдөө жайы ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Вакцина сая турчу жер саат 08:00дөн 16:30га чейин иштейт.
Ошондой эле муниципалитет "Берекет универсал" соода борборундагы эмдөө пункту Ленин районунун Калкты каттоо борборуна көчүрүлгөнүн эскертти. Ал Жаш Гвардия бульвары, №4 дарегинде жайгашкан.
Вакцина сайдырчулар сөзсүз түрдө пасторту менен барышы керек. Анткени маалыматтар Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы электрондук саламаттык сактоо борборунун базасына киргизилет.
Мэрия шаардыктарга оорудан коргонуунун натыйжалуу жолу эмделүү экенин белгиледи.