Олимпиада атлеттерин "Ала-Тоого" жык-жыйма толгон эл тосуп алды. Видео

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ала-Тоо" аянтындагы эл. Архив
Ала-Тоо аянтындагы эл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
"Ала-Тоо" аянтында өлкө намысын коргогон спортчуларга арналып салтанат уюштурулган. Аларды тосуп алууга президент да келди.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Токио-2020 Олимпиадасына катышып келген кыргызстандык спортчуларды "Ала-Тоо" аянтына чогулган эл чоң сүрөөн менен тосуп алды. Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, аянтка келген эл менен кошо президент Садыр Жапаров өзү да чыкты.

"Ала-Тоо" аянтында өлкө намысын коргогон спортчуларга арналып салтанат уюштурулган.

Жайкы Олимпиада оюндарынан грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынып келди.

Жалпысынан Токио Олимпиадасына спорттун жети түрү боюнча 16 атлет катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0