Коррупцияга жол бербеңиз! Мамкаттоодо берилчү күбөлүктөрдүн баасы жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековҮйлөнүү тууралуу күбөлүк. Архив
Үйлөнүү тууралуу күбөлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Ведомство муну менен коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатын көздөйт.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) кызматтарынын жана берилүүчү күбөлүктөрдүн наркы тууралуу расмий маалымат берди.

Ведомство муну менен коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатын көздөйт.

Баалар төмөндөгүдөй:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк – 54 сом;
  • өлгөндүгү тууралуу күбөлүк – 13 сом;
  • никелешүү тууралуу күбөлүк – 57 сом;
  • никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк – 20 сом;
  • фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк – 13 сом;
  • күбөлүктү кайталап алуу – 110 сом.
“Жарандар күбөлүктөрдүн бланктары үчүн гана акча төлөшөт, ал эми каттоо акысыз жүргүзүлөт. Ошондой эле жакында жаңы төрөлгөн баланын туулгандыгын каттоодо күбөлүктү салтанаттуу түрдө тапшыруу боюнча кызмат кайра жандандырылды. Бул азем үчүн акы төлөнбөйт”, — деп айтылат маалыматта.

Жарандардын каалоосу боюнча никени салтанаттуу түрдө каттоонун наркы (банктык кызматтарын кошкондо):

  • Бишкек шаарынын "Бакыт" өргөөсүндө – 1797 сом;
  • Ош шаарынын үйлөнүү үлпөт үйүндө – 822 сом;
  • Бишкек жана Ош шаарларында ЖААК бөлүмдөрүнүн имаратынан тышкары – 4038 сом;
  • Райондук ЖААК бөлүмдөрүндө – 358 сом, имаратынан тышкары – 826 сом.
  • ЖААКтын шашылыш кызматтарынын наркы (банктык кызматтарды кошкондо):
  • шашылыш түрдө жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү – 600 сом;
  • аты-жөнүн өзгөртүүнү тез арада каттоо – 600 сом;
  • жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматты шашылыш ырастоо – 170 сом.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы банктардын кассаларында гана жүргүзүлөрүн эскертти.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0