Аскар Акаевдин бүгүн Бишкекке келери айтылууда. УКМК маалыматты тастыктаган жок

© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Кыргызстанды 15 жыл башкарган Аскар Акаев 2005-жылдагы март окуясында өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери өлкөгө кайрылып келе элек болчу.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу өздүк маалымат булактардан кабарлашты.

Ага ылайык, аны аэропорттон суракка алып кетүү үчүн УКМК кызматкерлери күтүп жатат. Бирок УКМКдан бул боюнча маалымат жок экенин айтышты.

Мурдагы президент Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жапаров: Акаев чыккынчылык экенин билип туруп Кумтөр боюнча келишим түзгөн
Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын алгачкы президенти. Ал 2005-жылы өлкөдөн качып, ошондон бери Москва шаарында жашап жүрөт. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар кылмыш иштери козголгон.

Ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаев дагы бар экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0