COVID жуктургандар үчүн Бишкек менен Чүйдүн ооруканаларында 900гө жакын орун бар

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛечение больных COVID-19 в ГКБ №40
Лечение больных COVID-19 в ГКБ №40 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Эң көп орундар Воронцовка айылындагы Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда бар. Ордо калаадагы стационарлар да бошоп калды.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Борбор калаа Бишкекте жана жака-белиндеги коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 867 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалымат бүгүн, 31-июль, саат 10:00гө карата берилди.

  • Улуттук хирургия борбору — 13;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 7.
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 47;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 24;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 51;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 13;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 25;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 45;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 40;
  • Улуттук госпиталь: урология корпусу — 15;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 40;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 30;
  • Аскердик госпиталь — 13;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 235;
  • Улуттук госпиталь: нейрокорпус — 70;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 151;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 44;
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 4.

Кыргызстанда өткөн суткада 919 адам коронавирус жуктуруп, 1 580 бейтап сакайды. Тилекке каршы, 14 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0