БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясын жуктурган 10 киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Алардын бешөө Бишкекте, төртөө Чүйдө жана бирөө Жалал-Абадда дарыланып жаткан.
Пандемиядан бери жалпы 2 311 адам каза болду.
Учурда стационарда 3 888, ал эми амбулатордук түрдө 11 483 адам дарыланып жатат. Ооруканадагы 1079 кишинин абалы оор, ал эми 227 бейтап өтө оор абалда жатат.