Туризм департаменти Бостеридеги аквапаркта каза болгон бала боюнча үн катты

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көлдөгү "Золотые пески" пансионатындагы аквапарк. Архив
Ысык-Көлдөгү Золотые пески пансионатындагы аквапарк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Журналист аквапарктын түтүкчөсүндө эч кандай тор жок экендиги тастыкталса, ал жайдын же пансионаттын ээсине кандай жаза колдонуларына кызыкты.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Туризм департаментинин башчысынын орун басары Кыял Кенжематова Ысык-Көлдөгү "Золотые пески" пансионатындагы аквапарктын түтүгү соруп кетип каза болгон 18 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча комментарий берди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышты. Журналист аквапарктын түтүгүндө эч кандай тор болбогону тастыкталса, аквапарктын же пансионаттын ээси жазаланабы деп сураган.

"Бул трагедия болбошу керек эле. Биз быйылкы сезонду жакшы маанайда өткөрүү үчүн аракет кылганбыз. Албетте, баланын өлүмү боюнча тийиштүү тергөө иши жүргүзүлөт. Бул биздин көзөмөлдө турат. Окуя бардык жагынан иликтенип, күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышы керек", — деди Кенжематова.

Ал ошондой эле жайкы сезон алдында бардык туризм объектилеринин даярдыгын текшерүү керек деген норма бар экендигин айтты.

Киши Дело № папкасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
18 жашар уландын аттракциондогу өлүмү: сотко чейинки өндүрүш башталды
"Тилекке каршы, бардык эле субъектилер тыкыр текшерүүдөн өткөн деп айта албайбыз. Кайрылуулар көп болгондуктан тийиштүү мамлекеттик органдар баарына жетишпей калышы да мүмкүн. Экинчиден, бул жерде ишкердик субъектисинин жеке жоопкерсиздиги да болушу мүмкүн. Аквапарктын ээлери текшерүү боюнча кайрылуу беришсе да алардын даярдыгын караганга жетишкен эмес, же алар кайрылган эмес. Мамлекеттик экотехинспекцияны күнөөлөө бир аз туура эмес, кантсе дагы, негизги жоопкерчилик туристтерди чакырган ишкердик субъектиде болушу керек. Алар коопсуздукту камсыз кылуу биринчи кезектеги милдет деп ойлошу зарыл эле. Бул жерде маселе көп, ошондуктан алардын баарын бирден иликтеп чыгыш керек", — деген ал.

Эске салсак, 27-июль күнү Бостери айылындагы аквапаркта уланды суу түтүгү соруп кетип каза болгон. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 135-беренеси ("Этиятсыздыктан киши өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүүдө. Бул ишти президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев жеке көзөмөлүнө алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0