БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкөдө аба ырайы өзгөрүп турат, көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +34…+36, Талас өрөөнүндө +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +27…+32 градус ысык болот.
Синоптиктер күндүн табы Бишкек шаарында +34…+36, Ошто +36…+38, Чолпон-Атада +27…+29 градуска чыгарын айтышты.