БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Расмий маалыматтар боюнча, бул күндөрү Кыргызстанда коронавирус менен 17 207 адам ооруп жатат. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Алардын ичинен ооруканаларда 3 935 бейтап, ал эми амбулатордук шартта (үйдө) 13 272 бейтап коронавирус менен күрөшүүдө.
Аймактарга бөлө келгенде төмөнкүдөй:
- Бишкек – 1601 бейтап;
- Ош шаары – 108;
- Чүц облусу – 803;
- Ош облусу – 237;
- Талас облусу – 88;
- Нарын облусу – 130;
- Ысык-Көл облусу – 474;
- Жалал-Абад облусу – 296;
- Баткен облусу – 198.
Бейтаптардын абалы:
- 50 бейтап канааттандырарлык абалда;
- 2558 кишинин абалы орточо оор;
- 988 адам оор абалда;
- 201 киши өтө оор абалда өмүр үчүн күрөшүп жатат.
Ал эми үйдө, амбулатордук шартта дарыланып жаткандар аймактар боюнча төмөнкүдөй:
- Бишкек шаары – 7875 бейтап;
- Ош шаары – 300;
- Чүй облусу – 1 327;
- Ош облусу – 688;
- Талас облусу – 243;
- Нарын облусу – 245;
- Ысык-Көл облусу – 433;
- Жалал-Абад облусу – 864;
- Баткен облусу – 1 297.
Соңку суткада Кыргызстан боюнча 969 адамдан коронавирус аныкталып, 14 бейтап көз жумду.