https://sputnik.kg/20210727/koono-sozdordun-chechmelenishi-1053344050.html
Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот
Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот
Sputnik Кыргызстан
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди. 27.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-27T14:56+0600
2021-07-27T14:56+0600
2021-12-15T22:56+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051437528_0:263:1200:938_1920x0_80_0_0_d309215494db73722049591ac905fd85.png.webp
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0c/1051437528_0:150:1200:1050_1920x0_80_0_0_2f29b5820354dee1543edfcedb0b2944.png.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маданият, нурбек талантбеков
кыргызстан, маданият, нурбек талантбеков
Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот
14:56 27.07.2021 (Жаңыртылды: 22:56 15.12.2021) "Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.
Өрөөн, капчыгай, өзөн же коктуга синоним катары "дара" деген сөз колдонулат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, эпосто аталган сөз кезиккен бир нече саптар бар.
"Эпосто төрт тамгадан, эки муундан турган "дара" деген сөз айтылат. Аны эки мааниде колдонсо болот. Биринчиси - капчыгай, өрөөн, өзөн, же болбосо эки тоонун ортосундагы аралык катары түшүндүрүлөт. Экинчи маанисинде "өзүнчө" же "айрым" деген мааниде колдонулуп келет. Бул сөздү күнүмдүк турмушта пайдалана бербейбиз. Бирок жогорудагы сөздөргө синоним катары пайдаланып, тилди байытууга мүмкүндүк түзсөк деген пикирдемин", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу зарылдыгын кошумчалады.