Бишкектеги батирлердин июль айына карата ижара акысы. Инфографика

Жазылуу
Бишкек шаарында июль айында бир жана эки бөлмөлүү батирлердин ижара акысы арзандады. Ал эми үч бөлмөлүүлөр бир ай мурдагыга салыштырмалуу кымбаттады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо учурунда 608 жарнама каралды. Июль айында деле өткөндөгүдөй эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.

Бул айда эмереги бар дээрлик бардык типтеги бир жана эки бөлмөлүү батирлердин ижарасы арзандаган. Бир бөлмөлүү “элиталык” батирдин ижара акысы 2 800 сомго төмөндөгөн.

өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас  менен кроссоверлердин баасы 23.07 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2021
Эл көп алган автоунаалардын баасы кандай болуп өзгөрдү. Инфографика 

Бул айда эмереги бар бардык типтеги үч бөлмөлүү батирлердин ижарасы кымбаттады. 105 жана 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирлер үчүн орто эсеп менен 2 500 сомго көбүрөөк төлөш керек болот. Ал эми 104-сериядагылар 800 сомго өскөн.

Жеке типтеги бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы болсо 600 сомго кымбаттаган.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына караганда, июль айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 14 100 сом (12 000ден 17 000ге чейин);
  • 105-серия — 13 800 (10 000ден 18 000ге чейин);
  • 106-серия — 14 300 (10 000ден 20 000ге чейин);
  • Жеке типтегилер — 15 900 (9 000ден 25 400гө чейин);
  • "Элитка" — 21 400 (15 000ден 29 600гө чейин);
  • Мейманкана тибиндеги батирлер — 6 600 (5 000ден 8 500гө чейин).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 17 400 сом (12 000ден 23 000ге чейин);
  • 105-серия — 17 700 (12 000ден 29 700гө чейин);
  • 106-серия — 19 600 (14 000ден 28 000ге чейин);
  • Жеке типтегилер — 22 000 (12 000ден 35 000ге чейин);
  • "Элитка" — 36 400 (20 000ден 59 300гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 22 600 сом (17 500дөн 29 700гө чейин);
  • 105-серия — 24 500 (15 000ден 35 000ге чейин);
  • 106-серия — 27 700 (16 900дөн 33 900гө чейин);
  • Жеке типтегилер — 28 900 (19 000ден 63 300гө чейин);
  • "Элитка" — 58 100 (25 400дөн 110 200гө чейин).
Жаңылыктар түрмөгү
0