Баланы сөзсүз дарыгерге көрсөтүш керек. Оорунун кооптуу белгилери тизмектелди

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Жаңы төрөлгөн жана эки айлык ымыркайлардан беш жашка чейинки бөбөктөрдөгү оорулардын белгилери айтылды.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб кандай учурда жаш балдарды сөзсүз түрдө ооруканага алып барып текшертүү керектигин тизмектеди.

Жаңы төрөлгөн жана эки айга чейинки ымыркайлардагы кооптуу белгилер:

  • эмчек эмүүсү начарласа;
  • карышуу;
  • уктай берүү же аң-сезимдин жоктугу;
  • онтоп дем алуу;
  • тез-тезден дем алуу (мүнөтүнө 60 же андан көп жолу);
  • көкүрөктүн катуу тартылышы;
  • алакан менен тамандын саргайышы;
  • дене табынын көтөрүлүшү (38 градустан жогору);
  • дене табынын төмөндөшү (35.5 градустан төмөн);
  • кыймылдатканда гана болгон кыймыл-аракет;
  • борбордук цианоз.

2 айдан 5 жашка чейин балдар арасындагы кооптуу белгилер:

  • ымыркай эмчек эме албайт же иче албайт;
  • карышуу (анамнезде ушул ооруга байланыштуу);
  • ар бир суусундуктан же тамактан кийин кусуу;
  • летаргиялык же аң-сезимсиз болуу.

Ошондой эле штаб балдарда жана өспүрүмдөрдө COVID-19дун кооптуу белгилеринин бирөө гана байкалса 103кө чалып, Тез жардам кызматын чакырууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0