Валерий Карпин Россиянын футбол курама командасына машыктыруучу болду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол. РПЛ. Матч "Локомотив" - "Ростов"
Футбол. РПЛ. Матч Локомотив - Ростов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Карпин москвалык "Спартак", испаниялык "Мальорка" жана Армавирдин "Торпедосун" таптаган. Учурда "Ростовду" машыктырып жүргөн.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Валерий Карпин Россиянын футбол боюнча курмама командасынын машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул туурасында россиялык футболдук клубдун сайтында маалымдалды.

Бул учурда Карпин "Ростов" командасын машыктырып келет. Устаттык боюнча келишим 2021-жылдын 31-декабрына чейин түзүлгөн. Жакынкы күндөн тарта 52 жаштагы машыктыруучу курама команда менен аталган клубдагы ишин эриш-аркак алып бармакчы.

"Ростов" 2017-жылдан бери Карпиндин колунда. Ал москвалык "Спартак", испаниялык "Мальорка" жана Армавирдин "Торпедосун" таптаган.

"Курама командага чакыруу спортчу сыяктуу эле машыктыруучу үчүн чоң сыймык жана анын ишине берилген жогорку баа. Албетте, бул мен үчүн устаттык карьерамда өтө кызыктуу жана жоопкерчиликтүү этап. Азыр команда менен биргеликте Катарда 1922-жылы боло турган дүйнө чемпионатына спортчуларды тандоо милдети турат. Аны ийгиликтүү чечүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз", — деген Карпин.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Кыргызстандык футболчу Тамирлан Козубаев россиялык клубга өттү
Карпин — постсоветтик мезгилден кийин Россиянын футбол боюнча курама командасынын биринчи голун киргизген оюнчу. Улуттук команданын тарыхындагы мыкты футболчулардын бири.

Карпинге чейин Россиянын футбол боюнча курама командасын Станислав Черчесов машыктырган. Алгач, команда Россияда өткөн 2018-жылдагы дүйнө чемпионатында чейрек финалга чейин жеткен. Бул курама команданын мундиалдардагы оюндарынын мыкты көрсөткүчү болгон. Ал эми жакында эле аяктаган Евро-2020да Черчесовдун тарбиялануучулары ийгилик жарата алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0