Марипов президенттин тапшырмасы менен Баткен жана Жалал-Абадга кетти

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Кыргызстанда сел акыркы күндөрү Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айылдарында бир нече кишинин, анын ичинде балдардын өмүрүн алып кетти.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапар менен барып, сел каптаган аймактарды кыдырып жүрөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал жаратылыш кырсыктары каптаган аймактарга президенттин тапшырмасы менен кеткен. Баткенден кийин Жалал-Абад облусуна барары айтылды.

"Сапардын жүрүшүндө Марипов селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана бир катар инфраструктура объектилеринин абалы менен таанышат. Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган райондордун тургундары менен жолугат", — деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, президент Жапаров министрлер кабинетине республикадагы адам канына забын болгон жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана Жалал-Абад, Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин активдештирүүнү тапшырган.

Кыргызстанда сел акыркы күндөрү Баткен жана Жалал-Абад облустарында бир нече адамдын өмүрүн алып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0