Мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери кыргызстандыктарды куттукташты
12:24 20.07.2021 (Жаңыртылды: 22:56 15.12.2021)
© Фото / пресс-служба мэрии города ОшПраздничный Айт-намаз в центральной мечети Оша

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Жазылуу
Курман айтка карата өлкөгө мамлекет башчыларынан куттуктоо каттары келип түшкөн. Бардыгы эл-журтка аманчылык, тынчтык жана ден соолук каалашкан.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Мусулман өлкөлөрүнүн башчылары кыргыз элин жана өлкө башчы Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Алгачкы куттуктоо коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден келип түшкөн.
"Бүтүндөй ислам дүйнөсүнүн улуу майрамы болгон, кең пейилдүүлүккө жана мээримдүүлүккө, жаратмандык менен жакшылыкка толгон ыйык Курман айт майрамы биздин өлкөлөрдүн руханий баалуулуктарын, достугун жана кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем", — деп айтылат Казакстан лидеринин куттуктоосунда.
Ушундай эле куттуктоо сөздөрү менен Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев дагы телеграмма жөнөткөн.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКазакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев
Өзбекстан өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктап, эки элдин ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелер мындан ары да туруктуу өнүгө берерине бекем ишенерин айтты.
© Фото / пресс-служба президента Республики УзбекистанӨзбекстан өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев

Өзбекстан өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев
© Фото / пресс-служба президента Республики Узбекистан
"Бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандар чоң кубаныч менен белгилеген жана биздин өлкөлөрдүн элдери үчүн ырайымдуулуктун, сабырдуулуктун жана боорукерликтин белгиси болгон Курман айт майрамына байланыштуу эң жакшы каалоо-тилектеримди жолдойм", — деди Мирзиёев.
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өз куттуктоосунда кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТүркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов
"Түбү миңдеген жылдардын тереңинде тамырлаган жана адамзаттын бийик руханий, адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган бул берекелүү майрам мындан ары да жалпы мусулман үммөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү менен ишенимди чыңдоого өбөлгө болот деп терең ишенем", — деп айтылат телеграммада.
Тажик лидери Эмомали Рахмон дагы куттуктоосун жөнөттү.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТажик лидери Эмомали Рахмон

Тажик лидери Эмомали Рахмон
"Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелери мындан ары дагы ушул баа жеткис руханий негиздерге таянуу менен эки элдин кызыкчылыктарына ылайык туруктуу өнүгө берет деп бекем ишенем", — деп айтылат Рахмондун куттуктоосунда.
Кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктагандардын арасында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган дагы бар.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган
"Баарыбыздын башыбызды бириктирген бул ыйык майрам кыйын мезгилде дартыбызга даба болуп, бейкуттук алып келүүсүн каалоо менен өлкөмдүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздин саламаттыгыңызды жана бейкуттугуңузду, ошондой эле боордош кыргыз элинин бакубатчылыгын, амандыгын жана тынчтыгын жараткан Алладан тилейм", — деди Түркия президенти.
Кувейттин мураскор ханзаадасы Мишал аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сабах президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.
"Берекелүү Курман айт майрамын жалпы ислам дүйнөсү белгилеп жатканда чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду кабыл алыңыз. Жараткан Алла-Тааладан бул майрам боордош Кыргыз Республикасына жана анын элине гүлдөп-өнүгүү, ал эми мусулман үммөттөрүнө тынчтык, жакшылык жана бакубатчылык алып келүүсүн суранам", — деди ал.
Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана өнүгүү каалады.
"Курман айт дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын биримдигинин жана тилектештигинин белгиси. Ушул ыйык күндөрдүн урматына мен жараткан Алладан мусулмандардын ибадаттары менен курмандыктарын кабыл алуусун, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды экстремизм, терроризм жана жакырчылык сыяктуу учурдагы көйгөйлөрдөн арылтуусун тилейм", — деди президент.
Иран лидери Хасан Рухани дагы кыргызстандыктарга куттуктоосун жөнөттү.
"Курман айт майрамы дүйнө жыргалчылыктарын курмандыкка чалуунун, каалоолорду тыюунун, жараткан Алла-Таала жолунда таза ишенимде болуунун мезгилин билдирет", — деп айтылат телеграммада.
Ирак президенти Бархам Салих өз элинин атынан кыргызстандыктарга жакшылыктарды каалады.
"Ирак элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Курман айт майрамы менен куттуктайм. Учурдан пайдаланып, эки элдин жана эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ар тараптуу кызматташууну улантууга даяр экенимди билдирем", — деди ал.
Оман султаны Хайсам бин Тарик дагы президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине куттуктоо сөздөрүн жолдогон.
"Сизге бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми достук мамиледеги элиңизге мындан ары да өнүгүп-өсүүнү тилейм. Ушундай берекелүү күндүн кайрадан келиши менен Алла-Тааладан мусулман жамаатына ырайымдуулук жана жакшылыкты суранабыз", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Бүгүн, 20-июль күнү, дүйнө мусулмандары Курман айт майрамын белгилеп жатат.