https://sputnik.kg/20210713/baldardy-koronavirustan-kantip-saktash-kerek-1053205794.html
Балдарды коронавирустан кантип сакташ керек. 5 кеңеш
Балдарды коронавирустан кантип сакташ керек. 5 кеңеш
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда COVID-19 кичинекейлер арасында көп кездеше баштады. Медиктер баланы оорудан кантип коргош керек экендигин айтып беришти. 13.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-13T15:33+0600
2021-07-13T15:33+0600
2021-12-15T22:56+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
коронавирус
бала
оору
эскертүү
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
https://sputnik.kg/img/104598/03/1045980318_0:1098:2048:2257_1920x0_80_0_0_2e57fe57623e47fd704e77130c79d622.jpg
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Кыргызстандагы республикалык штаб бөбөктөрдү инфекциядан кантип коргоо туурасында сунуштарды жарыялады.Буга чейин Эне жана баланы коргоо боюнча борбордун жетекчиси Кыргызстанда COVID-19 менен балдар көп ооруй баштаганын айткан эле. Эгерде өткөн жылдын жаз айларында тумоологондордун арасында 0,8-2 пайызынан коронавирус деген статистика аныкталса, бул күндөрү көрсөткүч 11-14 пайызга жеткен.Ата-энелерге, чоңдорго кичинекейлерди оорудан коргоо боюнча беш кеңеш сунушталды:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104598/03/1045980318_0:1034:2048:2321_1920x0_80_0_0_e31d44862247b5df2781b9ae2bcac2a2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавирус, бала, оору, эскертүү, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавирус, бала, оору, эскертүү, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Балдарды коронавирустан кантип сакташ керек. 5 кеңеш
15:33 13.07.2021 (Жаңыртылды: 22:56 15.12.2021) Кыргызстанда COVID-19 кичинекейлер арасында көп кездеше баштады. Медиктер баланы оорудан кантип коргош керек экендигин айтып беришти.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Кыргызстандагы республикалык штаб бөбөктөрдү инфекциядан кантип коргоо туурасында сунуштарды жарыялады.
Буга чейин Эне жана баланы коргоо боюнча борбордун жетекчиси Кыргызстанда COVID-19 менен балдар көп ооруй баштаганын айткан эле. Эгерде өткөн жылдын жаз айларында тумоологондордун арасында 0,8-2 пайызынан коронавирус деген статистика аныкталса, бул күндөрү көрсөткүч 11-14 пайызга жеткен.
Ата-энелерге, чоңдорго кичинекейлерди оорудан коргоо боюнча беш кеңеш сунушталды:
- пандемиянын күчөп турган маалында балдарды башкалар менен аралаштырбоо;
- үйдү көбүрөөк, жок дегенде бир күндө бир ирет желдетип, дезинфекция кылган каражаттар менен жууп чыгуу;
- коомдук жайларга же мекемелерге алып чыкпоо;
- балдарга бетин, колун көп кармалоого, колун оозуна салууга, көздөрүн колу менен сүртө берүүгө болбой турганын түшүндүргүлө. Себеби бул нерселер инфекцияны таратуучу кошумча себептер;
- баланы сейилдеп келгенден кийин, ажатканага баргандан кийин колун сөзсүз самындап жууганга үйрөтүү. Себеби кир колдор да инфекциянын булагы болушу мүмкүн.