Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Катран Ляйлякского района Баткенской области
Село Катран Ляйлякского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
10-июлда өлкөнүн айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ишембиде республиканын тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл аймагында +25…+30, Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градус ысыйт.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +33…+35, Ошто +35…+37, Чолпон-Ата шаарында +24…+29 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0