00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Кумтөр" кимдерди ала жатат. Ташиев Акаев, Бакиев баш болгон бир топ ысымдарды атады

© Sputnik / Акылбек БатырбековКумтөр кениндеги самосвал. Архив
Кумтөр кениндеги самосвал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Атайын кызмат алтын кенге байланышкан окуянын хронологиясына терең анализ жүргүзүп, иликтөөгө негиз болгон багыттарды аныктаган.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, атайын кызматтын адистери алтын кенге байланышкан окуянын хронологиясына терең анализ жүргүзүп, иликтөөгө негиз болгон багыттарды аныктаган.
1992-1994-жылдар. Канадалык Cameco компаниясы менен башкы макулдашуу түзүлгөн. Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн тунгуч президент Аскар Акаевге издөө жарыяланды. Экс-премьерлер Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов, "Кыргыз алтын" ишканасынын экс-президенти Дастан Сарыгуловго мөөнөтү өтүп кеткени үчүн ишти токтотууга макулдук берилди. Экономиканы өнүктүрүү жана реконструкциялоо комитетинин экс-төрагасы Борис Бернштейнге издөө жарыяланды.
"Ишти токтотууга макулдук берилди" деген эмне? Биз аларга өлкө үчүн пайдасыз келишим түзгөнүн далилдеп бергенден кийин күнөөлөрүн мойнуна алышты. Бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу, күнөөсүн мойнуна алганына карабай кылмыш ишин токтотобуз", — деди Ташиев.
2003-жыл. Centerra Gold Inc. компаниясы менен келишим реструктуризацияланып, Кыргызстандын үлүшү 25,7 пайызга же 7,3 миллиард сомго азайган. Ташиевдин билдиришинче, дал ушул иш боюнча Аскар Акаевге издөө жарыяланды.
2009-жылдагы макулдашуу. Шектүүлөр:
  • Мурдагы президент Курманбек Бакиев — издөө жарыяланды;
  • Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев — издөө жарыяланды;
  • Экс-премьер Игорь Чудинов, "Кыргыз алтын" ишканасынын башкаруучулугунун экс-жетекчиси Алмаз Жакыпов — мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ишти токтотууга макулдук берилди;
  • Геология боюнча мамлекеттик агенттигинин экс-директору — издөө жарыяланды;
  • "Кыргыз алтындын" директорлор кеңишинин экс-төрагасы Алексей Елисеев — издөө жарыяланды;
2012-жыл. Centerra менен Кыргызстандын пайдасына чечиле турган сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратуу. Шектелүүдө:
  • Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Асылбек Жээнбеков — камакта;
  • ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров — камакта;
  • Экс-премьер Өмүрбек Бабанов — камакта;
  • Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаев — камакта;
  • ЖК депутаты Исхак Пирматов — камакта;
  • ЖК депутаты Талант Узакбаев — тергөө менен иштешүүгө макулдук берди;
  • ЖКнын экс-депутаты Алмаз Баатырбеков — тергөө менен иштешүүгө макулдук берди;
  • Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Динара Молдошева — сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган;
2014–2017-жылдар. Centerra менен стратегиялык макулдашуу түзүлүп, КРдин Суу кодексине өзгөртүү киргизилген. Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев шектелүүдө. Ал тергөө менен макулдашканы үчүн үй камагына чыгарылган.
Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Кумтөргө барган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Ташиев: Акылбек Жапаровдун колу "Кумтөр" боюнча келишимдерде жок болуп чыкты
Учурда "Кумтөр" ишине катыштыгы бар адамдардын баарын аныктоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, экс-премьер Сапар Исаковго, министрлерге жана башка ведомство жетекчилерине, Centerra компаниясынын жооптуу кызматкерлерине юридикалык баа берилет.
Насыя деген жүйө менен "Кумтөр голд компани" ишканасынан 500 миллион доллар чыгарып кетишкен. Ташиев аталган факты аныкталганын жана "бул каражатты уурдап кетишкен" деп билдирди. Буга катыштыгы бар адамдар такталууда. Алмазбек Атамбаевге, Сапар Исаковго, ошондогу министрлик, ведомство башчыларына, КГК менен Centerra компаниясынын кызматкерлерине юридикалык баа берилет.
УКМК министрлер кабинетине канадалык компания менен түзүлгөн Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербеген бардык макулдашууларды жокко чыгаруу сунушун жөнөткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0