СOVID жуктургандарды дарылаган ооруканалардагы бош орундар. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОоруканадагы бош орундар. Архив
Ооруканадагы бош орундар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
Коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 18 оорукана даярдалган. Алардын ичинен тогузунда бош орун калбай калды.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 9 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 160 орун бош. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 18 оорукана даярдалган. 7-июль саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча, анын тогузунда гана орун бар. Ал эми калган тогузунда бош орун калбай калган.
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 4;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 16;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 3;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 1;
  • Республикалык наркология борбору — 20;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 78;
  • Аскер госпиталы — 2;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 10;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 26.
Жаңылыктар түрмөгү
0