https://sputnik.kg/20210706/kundun-ysygynan-naristeler-kop-zhabyrkajt-1053120005.html
Уезбаев: күндүн ысыгынан наристелер жана улгайган адамдар жабыркашат
Уезбаев: күндүн ысыгынан наристелер жана улгайган адамдар жабыркашат
Sputnik Кыргызстан
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев күндүн ысыгынан... 06.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-06T14:31+0600
2021-07-06T14:31+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
коронавирус
дарыгер
күндүн ысыгы
наристелер
улгайган адам
сагынбек уезбаев
https://sputnik.kg/img/07e5/07/06/1053120599_0:0:3072:1738_1920x0_80_0_0_3e98add25c29de16bb31ad4b19e14f95.jpg
Уезбаев: күндүн ысыгынан наристелер жана улгайган адамдар жабыркашат
Sputnik Кыргызстан
Уезбаев: күндүн ысыгынан наристелер жана улгайган адамдар жабыркашат
Жаш балдардын коргонуу иммундук системасы калыптанбагандыктан күндүн ысыгы түрдүү ооруларга алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин Сагынбек Уезбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, аба ырайынын кескин ысышы жүрөк-кан тамыр оорулары бар улгайган адамдар үчүн да кооптуу.Адис коронавирустун жайылышы аба ырайынын ысышынан көз каранды эместигин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/06/1053120599_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_1aa8986386ae26edf4aef6b68e51e0e4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, коронавирус, дарыгер, күндүн ысыгы, наристелер, улгайган адам, сагынбек уезбаев
коом, кыргызстан, коронавирус, дарыгер, күндүн ысыгы, наристелер, улгайган адам, сагынбек уезбаев
Уезбаев: күндүн ысыгынан наристелер жана улгайган адамдар жабыркашат
14:31 06.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев күндүн ысыгынан көбүнесе беш жашка чейинки наристелер жабыркай турганын айтты.
Жаш балдардын коргонуу иммундук системасы калыптанбагандыктан күндүн ысыгы түрдүү ооруларга алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин Сагынбек Уезбаев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аба ырайынын кескин ысышы жүрөк-кан тамыр оорулары бар улгайган адамдар үчүн да кооптуу.
"Күн ысыкта кийимге көңүл буруу зарыл. Терди сыртка чыгара тургандай шартты түзүү керек. Табигый кездемеден тигилген кийимдерди сунуштайм. Негизи ысыктан көп учурда бир жашка жана беш жашка чейинки курактагы наристелер жабыркайт. Анткени алардын коргонуу иммундук системасы калыптанган эмес. Ошол эле учурда жашы өтүп калган адамдар ортосунда да түрдүү көйгөйлөр жаралат. Мисалы, өнөкөт оорулары, өзгөчө жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар арасында кооптуу учурлар көп кездешет. Себеби организм толук кандуу иш алып барбагандыктан ысыктан кыйналышат. Андыктан күндүн ысыгында көчөгө чыгуу сунушталбайт. Жолдо жүргөндө сөзсүз суу ичип, акыбалына көз салып туруу кажет. Адатта ысык өтүүнүн белгилери болот. Кан коюуланып, анын кесепетинен баш ооруп, кан басым көтөрүлөт. Адам алсырап, кускусу келе баштаганда көлөкөгө баш тартат. Мындай учурда жанындагы адамга өзүн жаман сезип жатканын айтып, өтө олуттуу болсо тез жардам чакыруу керек", — деди Уезбаев.
Адис коронавирустун жайылышы аба ырайынын ысышынан көз каранды эместигин кошумчалады.