Баалар autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (баалар дээрлик айырмаланбайт) ресурстарынан алынды. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар бир машинанын орточо наркы чыгарылды.
Эң көп сатуудагы автоунаалар:
- Honda Odyssey;
- Subaru Outback;
- Toyota Ipsum;
- Honda Stepwgn;
- Honda Stream;
- Toyota Caldina;
- Volkswagen Passat B5;
- Mercedes W203 C-класс;
- Audi A6;
- Suzuki Liana.
Көбүнчө Honda Odyssey, Toyota Ipsum жана Honda Stepwgn кымбаттап, орто эсеп менен 200-500 долларга өскөн.
Башкаларынын баасы ар кандай. Мисалы, 1999-жылы чыгарылгандары 300 долларга кымбаттаган, бирок ушул эле моделдин жылы эскилери, тескерисинче, арзандаган.