https://sputnik.kg/20210702/kanada-demonstrant-estelik-1053081136.html
Канадада митингчилер Елизавета II менен Викториянын эстелигин талкалашты. Видео
Канадада митингчилер Елизавета II менен Викториянын эстелигин талкалашты. Видео
Sputnik Кыргызстан
Демонстранттардын тобу Манитобанын мыйзам чыгаруучу жыйынынын имаратынын алдына чогулган. Алар балдардын сөөгү табылгандыктан, мурдагы колониялык саясатка... 02.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-02T14:40+0600
2021-07-02T14:40+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
саясат
https://sputnik.kg/img/07e5/07/02/1053079031_0:0:3072:1738_1920x0_80_0_0_2b252cd1f22eb87a6c114e202c3b62bf.jpg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Канадада демонстранттар каршылык акциясында британиялык Виктория жана Елизавета II ханышаларынын статуясын талкалап салышты. Бул тууралуу CBS телеканалы кабарлады.Демонстранттардын тобу Манитобанын мыйзам чыгаруучу жыйынынын имаратынын алдына мурдагы колониялык саясатка каршылык көрсөтүү үчүн топтолушкан.Марш Канаданын улуттук күнүнө карата "Every Child Matters" ("Ар бир баланын жашоосу мааниге ээ") деген лозунг менен өткөн. Белгилей кетсек, буга чейин Канададагы мектеп-интернаттын аймагынан 751 баланын сөөгү табылган.Ханыша Викториянын эстелиги Манитоба провинциясынын мыйзам чыгаруучу жыйынынын имаратына жакын жердеги аянтта жайгашкан. Демонстранттар статуяга алакандын тактарын калтырып, "Биз дагы бала болгонбуз. Аларды үйүнө кайтаргыла" деп жазып кетишкен. Алар ошондой эле Елизавета экинчинин (Британ шериктештигине кирген Канаданын расмий жетекчиси) статуясын дагы алып түшкөн.Телеканалдын маалыматына караганда, полиция каршылык акциясына келген бир эле жаранды кармай алган.Бир нече жума мурда жүздөгөн адам Торонтого чогулуп, индейлер үчүн интернат ачкан Эгертон Райерсонду расист деп айыптап, эстелигин талкалап салышкан. Алар ошондой эле Рейерсондун атынан коюлган университеттин аталышын өзгөртүүнү талап кылышкан.Канадада мурдагы мектеп-интернаттардын аймагынан 1000ге жакын баланын сөөгү табылды. Бул мектептерде түпкү жашоочулардын 150 миңге жакын баласы тарбияланган. Аларга жасалган ырайымсыз мамиледен улам 3,2 миң бала курман болгон. Канаданын өкмөтү буга чейин расмий түрдө кечирим сураган.
https://sputnik.kg/20210701/ysykty-kotoro-albay-zharym-min-kishi-koz-zhumdu-1053068010.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/02/1053079031_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_72deb596cf257bf9a179b7020a8219db.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, саясат
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, саясат
Канадада митингчилер Елизавета II менен Викториянын эстелигин талкалашты. Видео
14:40 02.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Демонстранттардын тобу Манитобанын мыйзам чыгаруучу жыйынынын имаратынын алдына чогулган. Алар балдардын сөөгү табылгандыктан, мурдагы колониялык саясатка каршылык көрсөтүштү.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Канадада демонстранттар каршылык акциясында британиялык Виктория жана Елизавета II ханышаларынын статуясын талкалап салышты. Бул тууралуу CBS телеканалы кабарлады.
Демонстранттардын тобу Манитобанын мыйзам чыгаруучу жыйынынын имаратынын алдына мурдагы колониялык саясатка каршылык көрсөтүү үчүн топтолушкан.
Марш Канаданын улуттук күнүнө карата "Every Child Matters" ("Ар бир баланын жашоосу мааниге ээ") деген лозунг менен өткөн. Белгилей кетсек, буга чейин Канададагы мектеп-интернаттын аймагынан
751 баланын сөөгү табылган.
Ханыша Викториянын эстелиги Манитоба провинциясынын мыйзам чыгаруучу жыйынынын имаратына жакын жердеги аянтта жайгашкан. Демонстранттар статуяга алакандын тактарын калтырып, "Биз дагы бала болгонбуз. Аларды үйүнө кайтаргыла" деп жазып кетишкен. Алар ошондой эле Елизавета экинчинин (Британ шериктештигине кирген Канаданын расмий жетекчиси) статуясын дагы алып түшкөн.
Телеканалдын маалыматына караганда, полиция каршылык акциясына келген бир эле жаранды кармай алган.
Бир нече жума мурда жүздөгөн адам Торонтого чогулуп, индейлер үчүн интернат ачкан Эгертон Райерсонду расист деп айыптап, эстелигин талкалап салышкан. Алар ошондой эле Рейерсондун атынан коюлган университеттин аталышын өзгөртүүнү талап кылышкан.
Канадада мурдагы мектеп-интернаттардын аймагынан 1000ге жакын баланын сөөгү табылды. Бул мектептерде түпкү жашоочулардын 150 миңге жакын баласы тарбияланган. Аларга жасалган ырайымсыз мамиледен улам 3,2 миң бала курман болгон. Канаданын өкмөтү буга чейин расмий түрдө кечирим сураган.