Коконбаева: күн нурунан энергия алган үч станция куруу аракети көрүлүүдө
13:48 30.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
Жазылуу
Энергетика жана өндүрүш министрлигинин өкүлү Гүлзат Коконбаева Кыргызстанда бир жылдын ичинде 2100-3000 саат күндүн нурунан энергия алса боло турганын маалымдады.
Өлкөдө күн нурунан электр энергиясын алган үч станция куруу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Гүлзат Коконбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Коконбаева: күн нурунан энергия алган үч станция куруу аракети көрүлүүдө
Анын айтымында, Кыргызстан күнөстүү өлкө болуп саналып, күндөн электр энергиясын алууга ыңгайлуу.
"Күндүн нурунан 300 мегаватт электр энергиясын алуу пландалууда. Ал үчүн Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылынан 62 гектар жер бөлүндү. Долбоорду ишке ашырууну жергиликтүү ишкер колго алат. Адатта күндүн нурунан энергия алган станциялар орногон аймакта жер иштетилбейт. Ал эми долбоорду ишке ашыра турган компания станцияны куруу менен жерди айыл чарба багытында иштетүүнү пландоодо. Бул канчалык деңгээлде ишке ашарын убакыт көрсөтөт. Мындан тышкары, Токмоктун өнөр жай аймагына күндүн нурунан энергия алган станция куруу мерчемделүүдө. Долбоорду немец компаниясы ишке ашырат. Учурда меморандумга кол коюлуп, компаниянын жетекчиси каражат маселесин чечүү үчүн Германияга учуп кетти. Бул жерде технопарк курулуп, иштетилген электр энергиянын жарымын компания өз өндүрүшүнө колдонот. Ал эми 50 пайызын мамлекетке сатат. Бул өлкөдөгү электр тартыштыгын жоюу үчүн жакшы көмөк. Ошондой эле Кеминге дагы ушул сыяктуу долбоорду ишке ашыруу боюнча россиялык компания менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө", — деди Коконбаева.
Мындан сырткары, ал мурдагы комитет азыр Энергетика жана өнөр жай министрлиги макамын алгандан бери инвесторлор менен иш алып баруу жеңилдегенин кошумчалады.