00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
45 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Трансформация вузов — каким должен быть университет будущего
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү — ал кантип эсептелет?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ветеринардык дары каражаттары Россиядан келет — лабораториялардын абалы кандай?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Жизнь рядом с ИИ - психолог о том, как это меняет наше восприятие мира
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Евросоюз в Центральной Азии: партнёрство или расчёт?
14:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
“Арашан” эмнеге кымбат — Асыл тукум мал чарбаларды колдоо күчөтүлөт
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек
17:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Все, что нас окружает — незримое действие Конституции — разговор о главном законе страны
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Согушта ага лейтенант наамына жеткен Султан Сарыбаев
19:06
29 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
“Арашан” эмнеге кымбат — Асыл тукум мал чарбаларды колдоо күчөтүлөт
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

COVID-19га каршы чабал иштеген жетекчилер сөгүш алды

© пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек ШамбетовБишкек шаарынын эпидемиологиялык абалы боюнча мэриянын жыйыны
Бишкек шаарынын эпидемиологиялык абалы боюнча мэриянын жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Жетекчилердин жазаланганы тууралуу шаардык эпидемия жана эпизоотиялык кырдаал боюнча комиссиянын отчёту угулган жыйында айтылды.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкекте коронавируска каршы күрөшүүдө кетирген кемчиликтери үчүн вице-мэрлерден тарта бир катар жетекчилер сөгүш алды. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов борбордогу эпидемиялык жана эпизоотиялык кырдаалдар боюнча комиссиянын отчётун уккан жыйында айтылганын муниципалитет билдирди.
Шаардын убактылуу башчысы Кудайбергенов коронавирустун жайылышына байланыштуу борбор калаадагы абалды эске алып, эпидемияны алдын алуу жана четтетүү боюнча иш-чараларды тийиштүү деңгээлде жүргүзө албаганы үчүн Шаардык эпидемия жана эпизоотиялык кырдаалдар боюнча комиссиянын башчысы, вице-мэр Виктория Мозгачевага катуу сөгүш жарыялады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жогорку Кеңеште 13 кишиден COVID чыгып, төрага Мамытов ооруканага түштү
Ал ошондой эле коомдук транспорттордогу санитардык эрежелердин сакталышына көзөмөл жүргүзө албаганы үчүн вице-мэр Русланбек Акылбековго, шаардагы райондордун жетекчилерине эскертүү берди.
Мындан сырткары, коронавируска каршы күрөшүү ишине тартылган шаардык бир катар мекеме жетекчилердин дисциплинардык жоопкерчилигин кароо талап кылынды.
Жыйында Кудайбергенов COVID-19га каршы күрөшүүдө коомдук транспорт жүргүнчүлөрүнө санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо, бет кап тагынуу, антисептик каражаттарын колдонуу, айдоочуларга унааларды такай дезинфекциялоо, жүргүнчүлөрдү көп салбоо тууралуу эскертүүлөрдү үзгүлтүксүз берүү милдетин койду.
Кудайбергенов ошондой эле комиссия мүчөлөрүн жарандардын массалык чогулуусунун алдын алуу иштерин күчөтүүгө, вице-мэрлердин, райондордун башчыларынын жана башка жетекчилердин катышуусунда рейддерди өткөрүүгө чакырды.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Депутаттар Коронавируска каршы күрөшүү штабын парламентке чакырды
Мындан сырткары. шаардык транспорт, кафе, ресторан, соода борбор жана базарларда санитардык талаптар боюнча эреже бузгандарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чараларды уюштурууну тапшырды.
Шаарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Мындан улам шаар бийлиги бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, антисептиктерди колдонуу сыяктуу санитардык нормаларды так сактоону өтүнөт.
Эске салсак, кечээтен бери өлкөдө 1 965 кишиден коронавирус табылса, анын ичинен 1 490 учур Бишкек шаарында катталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0