Дубайга жана Түркиянын шаарларына Бишкектен авиакаттамдар көбөйтүлдү

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүTurkish Airlines авиакомпаниясынын учагы. Архив
Turkish Airlines авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Жаңы кошулган каттамдардан кийин жумасына Дубайга 14, Стамбулга 27 рейс аткарыла турганы маалым болду.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигине жана Түркияга Бишкектен авиакаттамдар көбөйтүлдү. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Pegasus авиакомпаниясы 2-июлдан баштап Стамбул — Бишкек — Стамбул багыты боюнча дагы үч каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 10 ирет учууга болот. Мындан сырткары, 6-июлдан тарта Анталья — Бишкек — Анталья багыты боюнча бир каттам кошулуп, жумасына беш жолу каттайт.
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Бишкектен кайсы өлкөлөргө түз учуп кетсе болот. Авиакаттамдардын тизмеси
Ал эми "Түрк аба жолдору" компаниясы 1-июлда Стамбул — Бишкек — Стамбул багыты боюнча дагы үч рейс киргизет. Ушуну менен бул багыттагы каттамдардын саны жумасына 17ге жетти.
Ошону менен катар Flydubai авиакомпаниясы 25-июнда Дубай — Бишкек — Дубай маршруту боюнча дагы кошумча каттам киргизди. Мындан ары бул багытта жумасына 14 каттам (күн сайын 2ден) аткарылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0