Адис: COVID-19га каршы эки башка вакцина аралашса натыйжалуу болот

© Фото / пресс-служба мэра и правительства Москвы / Медиабанкка өтүүВ миграционном центре в деревне Сахарово началась вакцинация трудовых мигрантов от COVID-19
В миграционном центре в деревне Сахарово началась вакцинация трудовых мигрантов от COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Европалык адистер биринчи жана экинчи дозаны катары менен эки башка вакцинадан алгандарда антитела көбүрөөк калыптанарын айтып чыгышты.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Оксфорд университетинин (Англия) окумуштуулары COVID-19га каршы эмделүүдө эки башка вакцинаны алса коргоо деңгээли жогорулай турганын аныктады. Бул тууралуу ВВС жазды.
"Ыктыярчыларга эксперимент жүргүзгөн учурда биринчи доза катары AstraZeneca, экинчи дозага Pfizer алган адамдардын антителасы эки жолу тең Pfizer препаратын алгандарга караганда жогору экени белгилүү болду", — деп айтылат макалада.
Маалыматка караганда, Европанын Испания, Германия сыяктуу өлкөлөрүндө бул тажрыйба колдонула баштады. Мисалы, Pfizer алгандарга экинчи доза катары башка вакциналар сунушталууда.
Кыргызстанга Кытай тарабынан берилген Sinopharm вакцинасынын партиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Кытайдын Sinopharm вакцинасы июлдун ортосунда келери белгилүү болду
Ошол эле учурда окумуштуулар бир эле вакцина менен эмделүүнүн жыйынтыгы дагы жакшы экенин четке какпайт.
Буга чейин Кыргызстанда эки башка вакцинаны биринчи жана экинчи доза катары эмес, бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин алса болобу деген маселе көтөрүлгөн. Анда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммундук профилактика бөлүмүнөн учурда өлкөдө колдонулуп жаткан Sinopharm вакцинасын алгандан кийин "Спутник V" вакцинасын алганга болбой турганын айткан. Адистердин айтымында, эки башка өндүрүлгөн вакцинаны аралаштыруу туура эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0