00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:01
3 мин
Жаңылыктар
09:01
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
12:05
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
5 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
19:55
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Спички и Транспортир
20:06
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Sinopharm сайдыргандан кийин "Спутник V" алса болобу? Адистин жообу

© REUTERS / STRINGERSinopharm вакцинасы. Архив
Sinopharm вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Асыкбекова коронавируска каршы эмделгендер арасында кайрадан вирус жуктуруп алып жаткан учурлар катталганын айтууда.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Sinopharm вакцинасынан кийин "Спутник V" вакцинасын алганга болбойт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактикалык бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова билдирди.
Буга чейин соцтармактын айрым колдонуучулары Sinopharm вакцинасынан соң "Спутник V" вакцинасын сайдырууга болор-болбосу тууралуу сураган.
Адистин айтымында, эки башка өндүрүлгөн вакцинаны аралаштырууга болбойт. Мындай практика балдарга жасалган эмдөөдө да колдонулбайт.
Асыкбекова коронавируска каршы эмделгендер арасында кайрадан вирус жуктуруп алган учурлар катталып жатканын белгиледи.
"Оору күч алганда вакцина алгандар да көбөйүп, жуктуруп алуу учурлары болот деп мурда эле айтканбыз. Бирок эмделген адам дартты жеңил көтөрүшү мүмкүн. Ошентсе да айрым адамдар "эмделгем" деп эл аралап, санитардык талаптарды аткарбай жүрүп албашы керек. Вакцина алгандан кийин дароо эле антитело пайда боло калбайт. Ага белгилүү бир убакыт керек. Экинчи дозаны алгандан кийин дагы жакшылап сактанбаса илдет илештирип алышы ыктымал. Эмделген тааныштарыбыздын арасынан кайрадан оору жуктуруп алгандар дартты жеңил көтөрдүк деп айтып жатышат. Вакцинанын натыйжалуулугу жана вируска туруштук берүү ар бир адамдын организмине жараша болот", — деди Асыкбекова.
COVID-19 каршы казакстандык QazVac вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Министр: жума ичинде казакстандык QazVac вакцинасы алып келинет 
Адис "Спутник V" вакцинасы эми 60 жаштан жогору курактагыларга сайыла баштаганын кошумчалады. Буга чейин аталган вакцинаны 65 жаштан жогорулар алчу.
"Азыр 60 жаштагылардан тарта вакцинанын бул түрүн алам деген каалоочулар көп. Жаштар деле сурап жатат. Бирок вакцина аз болгондуктан жаш куракка карата чектөө коюлган. Улгайгандар арасында Sinopharm вакцинасын сурагандар бар. Ага чектөө жок, каалоочулар ала берсе болот", — деди Асыкбекова.
Медик вакцина алгандан кийин дагы айтылган санитардык эрежелерди так сактоо керектигин эскертип, калкты эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0