Япония өкмөтү жумасына төрт эле күн иштөөнү сунуштап, артыкчылыгын атады

© REUTERS / Kim Kyung HoonТокиодогу Синагава метро станциясында беткапчан адамдар. Архив
Токиодогу Синагава метро станциясында беткапчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Жазылуу
Жумасына төрт күн иштөө кызматкерлердин жеке жашоосуна көбүрөөк убакыт бөлүп, балдарын багууга же улгайган туугандарына кам көрүүгө мүмкүнчүлүк берери айтылат.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Япониянын өкмөтү жумуш менен жашоону мыкты айкалыштыруу үчүн төрт күндүк иш күндү сунуштады. Бул тууралуу Washington Post басылмасы жазды.
Бул сунуш өкмөттүн 2021-жылы июнь айында бекиткен өлкөнүн экономикалык саясатынын принциптерине киргизилгени айтылат. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, жумасына төрт күн иштөө кызматкерлердин жеке жашоосуна көбүрөөк убакыт бөлүп, балдарын багууга же улгайган туугандарына кам көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле япониялыктар кесиптик чеберчилигин өркүндөтүп, көбүрөөк саякаттай алышат.
Удаленный режим работы из-за угрозы распространения коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2021
Россия жарандарына аралыктан иштөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат берди
Пандемия учурунда туризм тармагы солгундаганы, үч күндүк эс алууда өлкө ичинде да саякаттап, эс алгандар көп болушу мүмкүн экени айтылат. Ошондой эле Япониянын бийлиги жумуш убактысын кыскартуу менен өлкөдө төрөлүүнүн санынын азайып кетишин алдын алууну ниет кылууда. Былтыр мамлекетте ымыркайлардын саны болуп көрбөгөндөй төмөндөгөн (негизинен пандемия себеп).
Буга чейин жумасына төрт күн иштөөнү 2019-жылы Microsoft Japan компаниясы баштап, ишканада эмгек өндүрүмдүүлүгү 40 пайызга жогорулаганы айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0