Кадамжайда 16 жаштагы Мундуз изделүүдө. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Жаш кыз Кадамжайдагы үйүнөн Айдаркен шаарындагы борбордук базарга барып келем деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Баткендин Кадамжай районунда 16 жаштагы Мундуз Аллаяр кызы изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиБаткендин Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон Мундуз Аллаяр кызы
Пропавшая в Кадамджайском районе Баткенской области Мундуз Аллаяр кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Баткендин Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон Мундуз Аллаяр кызы
Ага ылайык, кыз 12-июнь күнү 09.00дөр чамасында Кадамжайдагы Ормош айылындагы үйүнөн Айдаркен шаарындагы борбордук базарга барып келем деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
Бул факт каттоого алынып, издөө иштери жүрүп жатат.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү орто.
Милиция жоголгон кызды көрүп-билгендерди (03655) 5-02-29 жана 0704 27-64-16 номерине чалып коюуну өтүндү. 
Жаңылыктар түрмөгү
0