Бишкектен Түркиянын Анталия шаарына жасалчу аба каттамдардын саны көбөйдү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүPegasus Air авиакомпаниясынын учагы. Архив
Pegasus Air авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Түркиянын курорттук калааларынын бири Анталияга жуманын бардык күндөрү учса болорун кабарлашты.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунан Түркиянын Анталия шаарына аба каттамдардын саны көбөйүп, учурда төрт авиакомпания жүргүнчү ташууда. Бул тууралуу аталган аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аба каттамдардын тизмеси:
"Pegasus Airlines" авиакомпаниясы:
  • Анталия — Бишкек — Анталия — жумасына 4 жолу (дш.,шр.,бш.,иш.)
"Free Bird Airlines" авиакомпаниясы:
  • Анталия — Бишкек — Анталия — жумасына 4 жолу (шб.,бш.,иш.,жш.)
"Түркиянын аба жолдору" авиакомпаниясы:
  • Анталия — Бишкек — Анталия — жумасына 2 жолу (дш.,жм.)
"Авиа Трафик Компани" авиакомпаниясы:
  • Анталия — Бишкек — Анталия — жумасына 3 жолу (шб.,бш.,жш.)
Жаңылыктар түрмөгү
0