https://sputnik.kg/20210622/akter-bolot-tentimyshov-teatr-kino-fakty-1052961168.html
Күндүз жоокер, кечкисин актёр. 50 жашка чыккан Болот Тентимишов жөнүндө 6 факты
Күндүз жоокер, кечкисин актёр. 50 жашка чыккан Болот Тентимишов жөнүндө 6 факты
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн белгилүү актёр Болот Тентимишовдун туулган күнү. Жаштыгын, өмүрүн театр менен киного байлаган талант 50 жашка толду. 22.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-22T19:07+0600
2021-06-22T19:07+0600
2021-12-15T22:55+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
маданият
актер
болот тентимишов
факты
кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
https://sputnik.kg/img/103639/53/1036395354_0:0:6016:3400_1920x0_80_0_0_d70025fe74d413b61eb3209dd25d4d52.jpg
Sputnik Кыргызстан агенттиги 28 жылдан бери сахнада жүргөн инсандын чыгармачылыгы менен жеке жашоосундагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.Элеттен Ленинградга кетип. Болот Тентимишов 1971-жылы 22-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы аскер адамы болсо, энеси айыл чарба тармагында эмгектенген. Бала кезинен эле актёрлукка жакын өспүрүмгө ата-энеси колдоо көрсөтүп турган. Ошондуктан айылдагы мектепти аяктагандан кийин Ленинграддагы Николай Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырган.Күндүз жоокер, кечкисин актёр. Бирок орто жолдо түрдүү себептерден улам окуусун токтотуп Томск шаарына аскерге кеткен. Ал жактан да чыгармачылыктан алыстай албай күндүз жоокер болуп, кечкисин театрга барып иштеп жүргөн. Кызмат өтөп бүткөн соң Советтер Союзу тарап кетип, окуусун Бишкектен улантууга мажбур болгон.Театрга байланган жаштык, сүйүү. Эмгек жолун 1993-жылы Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында баштап, 22 жаштагы артист кесипкөй режиссёр, артисттер менен иштешип, бир топ тажрыйба топтогон. Ал жерде 1997-жылга чейин иштеген. Кийин КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын жетектөөсүнүн алдында "Тунгуч" театрында 11 жыл сахнага чыгып, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов, Каныбек Бекбатыров менен сахналаш болгон. Так ошол маданий жайдан өзүнүн болочоктогу жубайы, Щепкин атындагы жогорку театралдык учи́лищесинин бүтүрүүчүсүн жолуктуруп бактысын тапкан.Театр жана кино актёру. Актёр 2009-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында эмгектенип келет. КРдин эмгек сиңирген артисти "Ромео жана Жульеттада" Тибальт , Меркуционун, "Отеллодо" Отеллонун, "Манас жөнүндө баянда" Алманбеттин, "Король Лирде" Герцог Албанский, шут, Кент, "Ак бешиктин тилегинде" Орозкул сыяктуу ондогон образдарды жаратып, 28 жылдан бери театрда. Бул убакыт аралыгында Дания, Украина, Башкыртстандагы фестивалдарга катышып, Түркия, Россия, Румыния, Германия, Колумбия, Иран, Казакстандагы сахналарда ойногон. Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты бир нече жылдан бери өзүн кинематографияда сынап келет. Актёр "Аталардын керээзи", "Аврора", "Ата", "Кудалар", "Кентавр", "Ээнсиреген үй", "Эки баатыр" фильмдеринде роль жаратып таанылган.Тамада, окутуучу... Актёр буга чейин жакшылыктарды алып барып тамада болгон жайы да бар. Андан сырткары, жаштарга жол көрсөтүп устат болуп, эл арасындагы таланттарды актёрлук өнөргө таптап, кесиптештери менен "Жаш ысымдар" фестивалын уюштурган.Үч баланын атасы. Болот Тентимишовдун келинчеги Сайрагүл Эсенбаева актриса, экөө тең көп жылдан бери театрда иштеп келет. Жубайлар учурда үч баланын ата-энеси.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103639/53/1036395354_0:0:6016:3780_1920x0_80_0_0_0834f0f3954b5a151709c7a8fa672aef.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият, актер, болот тентимишов, факты, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият, актер, болот тентимишов, факты, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Күндүз жоокер, кечкисин актёр. 50 жашка чыккан Болот Тентимишов жөнүндө 6 факты
19:07 22.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021) Бүгүн белгилүү актёр Болот Тентимишовдун туулган күнү. Жаштыгын, өмүрүн театр менен киного байлаган талант 50 жашка толду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги 28 жылдан бери сахнада жүргөн инсандын чыгармачылыгы менен жеке жашоосундагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Элеттен Ленинградга кетип. Болот Тентимишов 1971-жылы 22-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы аскер адамы болсо, энеси айыл чарба тармагында эмгектенген. Бала кезинен эле актёрлукка жакын өспүрүмгө ата-энеси колдоо көрсөтүп турган. Ошондуктан айылдагы мектепти аяктагандан кийин Ленинграддагы Николай Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырган.
Күндүз жоокер, кечкисин актёр. Бирок орто жолдо түрдүү себептерден улам окуусун токтотуп Томск шаарына аскерге кеткен. Ал жактан да чыгармачылыктан алыстай албай күндүз жоокер болуп, кечкисин театрга барып иштеп жүргөн. Кызмат өтөп бүткөн соң Советтер Союзу тарап кетип, окуусун Бишкектен улантууга мажбур болгон.
Театрга байланган жаштык, сүйүү. Эмгек жолун 1993-жылы Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында баштап, 22 жаштагы артист кесипкөй режиссёр, артисттер менен иштешип, бир топ тажрыйба топтогон. Ал жерде 1997-жылга чейин иштеген. Кийин КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын жетектөөсүнүн алдында "Тунгуч" театрында 11 жыл сахнага чыгып, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов, Каныбек Бекбатыров менен сахналаш болгон. Так ошол маданий жайдан өзүнүн болочоктогу жубайы, Щепкин атындагы жогорку театралдык учи́лищесинин бүтүрүүчүсүн жолуктуруп бактысын тапкан.
Театр жана кино актёру. Актёр 2009-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында эмгектенип келет. КРдин эмгек сиңирген артисти "Ромео жана Жульеттада" Тибальт , Меркуционун, "Отеллодо" Отеллонун, "Манас жөнүндө баянда" Алманбеттин, "Король Лирде" Герцог Албанский, шут, Кент, "Ак бешиктин тилегинде" Орозкул сыяктуу ондогон образдарды жаратып, 28 жылдан бери театрда. Бул убакыт аралыгында Дания, Украина, Башкыртстандагы фестивалдарга катышып, Түркия, Россия, Румыния, Германия, Колумбия, Иран, Казакстандагы сахналарда ойногон. Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты бир нече жылдан бери өзүн кинематографияда сынап келет. Актёр "Аталардын керээзи", "Аврора", "Ата", "Кудалар", "Кентавр", "Ээнсиреген үй", "Эки баатыр" фильмдеринде роль жаратып таанылган.
Тамада, окутуучу... Актёр буга чейин жакшылыктарды алып барып тамада болгон жайы да бар. Андан сырткары, жаштарга жол көрсөтүп устат болуп, эл арасындагы таланттарды актёрлук өнөргө таптап, кесиптештери менен "Жаш ысымдар" фестивалын уюштурган.
Үч баланын атасы. Болот Тентимишовдун келинчеги Сайрагүл Эсенбаева актриса, экөө тең көп жылдан бери театрда иштеп келет. Жубайлар учурда үч баланын ата-энеси.