https://sputnik.kg/20210617/ak-uy-bayden-menen-putindin-zholugushuusun-tireshuusuz-dep-atady-1052897078.html
Көп маселеге мелженген так дискуссия. Ак үй Путин — Байден саммитине баа берди
Көп маселеге мелженген так дискуссия. Ак үй Путин — Байден саммитине баа берди
Sputnik Кыргызстан
Путин менен Байдендин биринчи жолугушуусу шаршемби күнү Женева шаарында болуп, ал танаписти эске алганда 4,5 саатка созулду. 17.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-17T11:21+0600
2021-06-17T11:21+0600
2021-12-16T22:31+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
саясат
акш
женева
владимир путин
жо байден
саммит
россия
https://sputnik.kg/img/07e5/06/11/1052894920_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_785c1bb8dc9499be607cb09d955d87bd.jpg
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Жо Байдендин Женевадагы саммити эрте аяктап, бир топ маселелер талкууланды. Бул тууралуу РИА Новости америка лидеринин администрациясындагы жогорку кызматтагы аткаминер учактын бортунда журналисттерге айтып бергенин жазды.Ал эки президенттин сүйлөшүүсүн "так, эптүү, иштиктүү жана конфронтациясыз" деп атаган.Ал АКШ тарабынан Россия жана Штаттардагы кибер чабуул жасоого "ылайыксыз" 16 сектордун тизмеси айтылганын билдирди. Ага химиялык, байланыш тармактары, дамбалар, аскердик өнөр жай комплекстери, ыкчам кызматтар, энергетика, финансылык кызмат көрсөтүү багыты, азык-түлүк чыгаруу өнөр жайы жана айыл чарбасы кирген.Аткаминер, мындан сырткары, Байден менен Путин Украина кризисин ордунан жылдыруу, чечүү мүмкүндүгүн талкуулаганын, аны менен бирге эки өлкөнүн дипломатиялык миссияларынын чакырыктарын караштырууну макулдашканын айтты.Путин менен Байдендин биринчи жолугушуусу шаршемби күнү Женева шаарында болуп, ал танаписти эске алганда 4,5 саатка созулду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча россиялык лидер АКШ президенти менен ведомстволор аралык деңгээлде стратегиялык туруктуулук жаатында сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча сөз бекиткендигин айтты. Анын билдиргенине караганда, эки тарап тең дүйнөдөгү стабилдүүлүк үчүн чоң жоопкер тараптардан экендигин сезип, билип турушат.Мындан сырткары, президенттер биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда Москва менен Вашингтондун өзөктүк курал согушунда жеңүүчү болбойт жана ал эч качан башталбашы керек деген принципти карманары айтылган. Бул принцип 1985-жылы СССР менен АКШнын лидерлеринин дал ушул Женевадагы жолугушуусунда да белгиленген эле.
https://sputnik.kg/20210617/bajdendin-maalymat-zhyjyny-rossiyalyk-zhurnalistter-1052894995.html
https://sputnik.kg/20210616/putin-bajden-birgeleshken-bildiruu-1052894242.html
акш
женева
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/11/1052894920_193:0:2924:2048_1920x0_80_0_0_9c58c671f9c347a09a5661f251583e27.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, саясат, акш, женева, владимир путин, жо байден, саммит, россия
жаңылыктар, дүйнөдө, саясат, акш, женева, владимир путин, жо байден, саммит, россия
Көп маселеге мелженген так дискуссия. Ак үй Путин — Байден саммитине баа берди
11:21 17.06.2021 (Жаңыртылды: 22:31 16.12.2021) Путин менен Байдендин биринчи жолугушуусу шаршемби күнү Женева шаарында болуп, ал танаписти эске алганда 4,5 саатка созулду.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Жо Байдендин Женевадагы саммити эрте аяктап, бир топ маселелер талкууланды. Бул тууралуу
РИА Новости америка лидеринин администрациясындагы жогорку кызматтагы аткаминер учактын бортунда журналисттерге айтып бергенин жазды.
"Негизи алар сүйлөшүүсүн мурда айтылган мөөнөттөн эрте бүтүрүштү. Белгиленген кээ бир танапистерге чыккан жокпуз. Бирок президент (АКШ) алар бир топ маселелерди 1+1 форматында талкуулагандыгын билдирди", — деген аткаминер.
Ал эки президенттин сүйлөшүүсүн "так, эптүү, иштиктүү жана конфронтациясыз" деп атаган.
"Жыйынтыгында алар мурда даярдалган тексттерди окуп, жөн гана монолог айтышкан жок. Бул иштиктүү, бир топ маселелерге мелженген так дискуссия болду", — деп кошумчалаган Ак үйдүн өкүлү.
Ал АКШ тарабынан Россия жана Штаттардагы кибер чабуул жасоого "ылайыксыз" 16 сектордун тизмеси айтылганын билдирди. Ага химиялык, байланыш тармактары, дамбалар, аскердик өнөр жай комплекстери, ыкчам кызматтар, энергетика, финансылык кызмат көрсөтүү багыты, азык-түлүк чыгаруу өнөр жайы жана айыл чарбасы кирген.
Аткаминер, мындан сырткары, Байден менен Путин Украина кризисин ордунан жылдыруу, чечүү мүмкүндүгүн талкуулаганын, аны менен бирге эки өлкөнүн дипломатиялык миссияларынын чакырыктарын караштырууну макулдашканын айтты.
"Бул тармактардагы кызматташуу өзүнүн майнабын чын эле берер-бербесин көрүү үчүн убакыт керек. Биз али билбейбиз, бирок бул божомолдорду азыр текшерип тура алабыз", — деп сөзүн аяктаган Ак үй өкүлү.
Путин менен Байдендин биринчи жолугушуусу шаршемби күнү Женева шаарында болуп, ал танаписти эске алганда 4,5 саатка созулду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча россиялык лидер АКШ президенти менен ведомстволор аралык деңгээлде стратегиялык туруктуулук жаатында сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча сөз бекиткендигин айтты. Анын билдиргенине караганда, эки тарап тең дүйнөдөгү стабилдүүлүк үчүн чоң жоопкер тараптардан экендигин сезип, билип турушат.
Мындан сырткары, президенттер биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда Москва менен Вашингтондун өзөктүк курал согушунда жеңүүчү болбойт жана ал эч качан башталбашы керек деген принципти карманары айтылган. Бул принцип 1985-жылы СССР менен АКШнын лидерлеринин дал ушул Женевадагы жолугушуусунда да белгиленген эле.