Байге фонду 345 миң сом. Эл-жер тууралуу ырлар сынагы жарыяланды

© Sputnik / Михаил ДудинФлаг Кыргызстана на горе Боз-Болток
Флаг Кыргызстана на горе Боз-Болток - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Сынакка катышуучулардын жашына, улутуна жана сунушталган чыгармалардын жанрларына чек коюлбайт. Ырлар 15-августка чейин калыстар тобуна жөнөтүлүшү керек.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата атуулдук жаңы чыгармалар үчүн композиторлор арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жаш манасчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Бишкек мэриясы "Наристе манасчы" сынагын жарыялады. Шарты
Атуулдук ырлар жана хор номинацияларында чыгармалардын оригиналдуулугуна жана музыкалык формалардын так сакталышына маани берилет. Сынакка катышуучулардын жашына, улутуна жана сунушталган чыгармалардын жанрына чек коюлбайт.
Байгелер:
  • Биринчи орун (2 чыгармага) — ар бирине диплом жана 50 миң сом;
  • Экинчи орун (2 чыгарма) — ар бирине диплом жана 40 миң сом;
  • Үчүнчү орун (2 чыгарма) — ар бирине диплом жана 30 миң сом;
  • Кызыктыруучу сыйлыктер (7 чыгармага) — ар бирине диплом жана 15 миң сомдон.
Сынак 15-августка чейин созулуп, сыйлыктарды тапшыруу аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.
Чыгармаларды кимге жана кайсы дарекке жөнөтүү боюнча суроолорго 0773 71 23 15 номери аркылуу жооп алсаңыз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0