00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Канат Исаев: салмактуу саясатчылар камалды, аларды үй камагына чыгарыш керек

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Канат Исаев. Архив
ЖК депутаты Канат Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Исаев учурдагы спикер, президент жана УКМК төрагасы да мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратылып, кийин баары акталганын мисал келтирди.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Камалган экс-премьер Өмүрбек Бабанов жана депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарыш керек. Мындай пикирин ЖК депутаты Канат Исаев парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү саясатчыларга кандай күнөө коюлуп, кандай далилдер табылганы белгисиз экенин айтат.
"Козголгон кылмыш иши боюнча бизде маалымат жок, үстүртөн эле такталбаган божомолдор. Бирок камалгандардын бири Асылбек Жээнбеков ЖКнын эки чакырылышында төрага болгон. Өмүрбек Бабанов өкмөттү башкарды, 2017-жылы президенттик шайлоодо 600 миңге жакын добуш алган. Төрөбай Зулпукаров төраганын орун басары болгон. Үчөө тең салмактуу саясатчылар, кадыр-баркка ээ, кичи мекенинде чоң колдоосу бар. Булардын күнөөсү аныкталабы, андай болбосо камалышына ким жооп берет деген суроо жаралат. Андыктан алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарыш керек. Албетте, күнөөсү болсо сот аркылуу далилдесин", — деди Исаев.
Депутат Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Депутаттардын камалышы мыйзам бузууга жатат! Икрамов кесиптештерине болушту
Ошондой эле ал учурдагы спикер Талант Мамытов, президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-депутат Өмүрбек Текебаев мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратылып, кийин баары акталганын мисал келтирди. Бирок бул иш үчүн бир да сот, бир да тергөөчү жоопко тартылбаганын белгиледи.
Депутаттын айтымында, Кылмыш кодекси боюнча, мыйзамсыз камоо тууралуу чечим чыгаргандар алты жылга чейин эркинен ажыратылат.
Белгилей кетсек, Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов эки айга камакка алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0