https://sputnik.kg/20210526/ehs-aluu-socialdyk-tarmakka-surot-zhuktoo-uuru-1052607497.html
Эс алуудагы сүрөттөрдү социалдык тармакка дароо жүктөбөгүлө. Адис себебин айтты
Эс алуудагы сүрөттөрдү социалдык тармакка дароо жүктөбөгүлө. Адис себебин айтты
Sputnik Кыргызстан
Интернеттеги коопсуздук боюнча адис өзү, үй-бүлөсү тууралуу социалдык тармактарда көп маалымат жайгаштыргандарды анын жакындары, достору гана кире алчу жабык... 26.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-26T08:48+0600
2021-05-26T08:48+0600
2021-12-16T14:04+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
турист
саякат
социалдык тармак
уурулук
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e5/05/19/1052607457_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_26430e20fcfe9bb5d27118709f37ef80.jpg
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Эс алуу учурунда тартылган сүрөттөрдү социалдык тармактарга үйгө кайтып келгенден кийин гана жүктөгөн туура. Бул тууралуу "Турпром" саякат порталына шилтеме берип РИА Новости жазды.Мындан тышкары, адис саякатта жүргөн адамдарга геолокацияны (жайгашкан жерди аныктоо) белгилеш керектигин эскертет.Ошондой эле адис өзү, үй-бүлөсү тууралуу социалдык тармактарда көп маалымат жайгаштыргандарды анын жакын адамдары гана кире алчу жабык аккаунттарды колдонууга чакырат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/19/1052607457_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_6a79e490915f32cd1dd03b019bf341b1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, турист, саякат, социалдык тармак, уурулук, сүрөт
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, турист, саякат, социалдык тармак, уурулук, сүрөт
Эс алуудагы сүрөттөрдү социалдык тармакка дароо жүктөбөгүлө. Адис себебин айтты
08:48 26.05.2021 (Жаңыртылды: 14:04 16.12.2021) Интернеттеги коопсуздук боюнча адис өзү, үй-бүлөсү тууралуу социалдык тармактарда көп маалымат жайгаштыргандарды анын жакындары, достору гана кире алчу жабык аккаунттарды колдонууга чакырат.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Эс алуу учурунда тартылган сүрөттөрдү социалдык тармактарга үйгө кайтып келгенден кийин гана жүктөгөн туура. Бул тууралуу "Турпром" саякат порталына шилтеме берип
РИА Новости жазды.
Мындан тышкары, адис саякатта жүргөн адамдарга геолокацияны (жайгашкан жерди аныктоо) белгилеш керектигин эскертет.
"Адатта уурулар олжону социалдык тармактардан издешет. Ким кайда жашайт, кандай баалуу мүлкү бар экенин кишилер өздөрү эле интернет аркылуу айтып берип коюшат. Ал эми үйүнөн алыс жерде жүргөнүн айтып, анысын далилдөө үчүн сүрөт илип, геолокациясын белгилегендер "менин үйүмө ууруга кире берсеңер болот" деп жар салганга тете. Андыктан көл жээгиндеги же тоо койнундагы сүрөттөрүңүз менен мактангыңыз келсе, үйгө жеткиче күтө туруңуз", — деген адис.
Ошондой эле адис өзү, үй-бүлөсү тууралуу социалдык тармактарда көп маалымат жайгаштыргандарды анын жакын адамдары гана кире алчу жабык аккаунттарды колдонууга чакырат.