00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
20 округов вместо 40 районов: бюджеты, полномочия и отход от дотаций
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жол фондунун каражатынын 10 пайызы кайда жумшалат — Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алды
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жогорку окуу жайдын алдыңкы студенттеринен абитуриенттерге кеңеш
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Ат арабанын үстүндө отурган болочоктогу белгилүү режиссер Искендер Рыскулов, актриса Зарема Мадемилова, колуна ымыркай кармаган Таттыбүбү Турсунбаева жана ат минип келе жаткан актер Бакирдин Алиевдин сүрөтү 1971-жылы Баткен облусунда тартылган.

Ал жылы белгилүү режиссер Төлөмүш Океев жазуучу Насирдин Байтемировдун "Тарых эстелиги" романынын негизинде "Отко таазим" аттуу тасма тарткан. Кинокартинада Кыргызстанда совет бийлигин орнотуудагы кыйынчылыктар, бай-манаптардын кулакка тартылышы, колхоздоштуруу жылдарындагы элдин турмушу, изги ою көрсөтүлгөн. Кинематографисттер ошол учурду эң алгачкылардан болуп айылдык советтин төрайымы болуп дайындалган Уркуя Салиеванын басып өткөн жолу, анын 24 жашында кылмышкерлердин колунан көз жумган тагдыры аркылуу ачып бергенге аракет кылган.

Эпизод калк жашабаган Баткендин алыскы эски кыштагында тартылган.

Аталган кинофильмдин жаралуусуна катышып калган КРдин эл артисти Чоро Думанаев ошол учурду мындайча эскерет:

"Төлөмүш байке каармандарды мыкты тандай билгендиктен аталган фильмде актердук ансамбль аябай күчтүү түзүлгөн. Алар менен иштешкеним менин чыгармачылыгыма да жакшы таасир эткен. Азыр көпчүлүгү бул дүйнөдөн өтүп кетиптир. Кинофильм негизинен Баткен жана Лейлек райондорунда тартылган. Ал жакта күн аябай ысып кетчү, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Алиман Жангорозова сыяктуу улуу адамдар Исфара деген шаарга кетип калышчу, жаштар болсо Баткенде эле жашачубуз. Сүрөттөгү Таттыбүбү Турсунбаева башкы каарман Уркуянын ролун аткарган, анын жолдошу Колдоштун образын Муратбек Рыскуловдун уулу Искендер жараткан эле. Экөө тең Ташкенттеги театралдык институтту чогуу бүтүп келип эл арасында бир топ эле таанылып калган учуру болчу. Актрисаны ал жакта күйөөсү Имаш байке коштоп жүрдү. Жубайлардын кичинекей балдары да кинокартинанын айрым эпизоддоруна тартылып калган", — деди Думанаев.

Кинорежиссёр, сценарист Төлөгөн Сыдыков, даректүү тасмалардын режиссёру Үсөн Дүйшөнбеков жана белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү 1981-жылы Чүй облусунун Чоң-Таш айылында тартылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Чокморовду кастарлаган киночулар. 40 жыл мурунку таберик сүрөт
Ал жылдары Таттыбүбү Турсунбаева театр ишмери Имаш Эшимбеков менен бирге түтүн булатып, Асел, Канат аттуу бир кыз жана бир уулду тарбиялап чоңойткон.

Кинофильм 1972-жылы толугу менен бүтүп, көрүүчүлөргө сунушталып, режиссер Төлөмүш Океевге Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык тапшырылган. Ошондой эле аталган тасмага Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Жапар Садыков, Асанбек Кыдырназаров, Алымкул Алымбаев, Тургун Бердалиев, Насрет Дубашев, Чолпон Даанышманова, Аскар Сейдалиев, Деңизбек Чалапинов, Алмаз Кыргызбаев, Текен Чалапинов, Николай Толстых да катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0