https://sputnik.kg/20210520/ukmk-dashkovdun-ishi-boyuncha-1052550529.html
"Кыргыз темир жолунан" 500 млн. сом чыгарылып кеткен. Дашковдун иши
"Кыргыз темир жолунан" 500 млн. сом чыгарылып кеткен. Дашковдун иши
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ишкана товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн акча которулган компаниялар менен келишимдерди убагында түзбөгөнү аныкталды. 20.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-20T13:42+0600
2021-05-20T13:42+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
укмк
василий дашков
коррупция
каражат
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/07/1049927484_0:0:1196:672_1920x0_80_0_0_4c86c6477d874dfc8482f55b1adf7802.jpg
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан 500 миллион сомдон ашык каражат чыгарылып кеткен. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.Буга чейин аталган ишкананын жетекчиси Василий Дашков коррупцияга шектелип кармалган.Билдирмеге караганда, аталган мамлекеттик ишкананын жооптуу адамдары 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин товар, материалдарды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө шылтоосу менен "Генезис Плюс" ЖЧКсы жана "АтомГрупп" ЖЧКсына 500 миллион сомдон ашык акча которгон.18-майда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын каржы бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т., "А.Г." ЖЧКсынын жетекчиси А.А.И., "Г.П." ЖЧКсынын жетекчиси М.Г.Р. жана "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков менен анын уулу да коррупциялык схеманын катышуучусу делип кармалган.Кийин Василий Дашков 18-июнга чейин бир айдын ичинде келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарты менен үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
https://sputnik.kg/20210518/akcha-chygaryp-ketuu-ukmk-karmoo-1052525433.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/07/1049927484_102:0:998:672_1920x0_80_0_0_7dedececee585b6a59e88399914ce1d3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, укмк, василий дашков, коррупция, каражат
жаңылыктар, коом, кыргызстан, укмк, василий дашков, коррупция, каражат
"Кыргыз темир жолунан" 500 млн. сом чыгарылып кеткен. Дашковдун иши
13:42 20.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мамлекеттик ишкана товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн акча которулган компаниялар менен келишимдерди убагында түзбөгөнү аныкталды.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан 500 миллион сомдон ашык каражат чыгарылып кеткен. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин аталган ишкананын жетекчиси Василий Дашков
коррупцияга шектелип кармалган.
Билдирмеге караганда, аталган мамлекеттик ишкананын жооптуу адамдары 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин товар, материалдарды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө шылтоосу менен "Генезис Плюс" ЖЧКсы жана "АтомГрупп" ЖЧКсына 500 миллион сомдон ашык акча которгон.
"Мындан тышкары, мамлекеттик ишкана товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн акча которулган компаниялар менен келишимдерди убагында түзбөгөнү аныкталды. Азыркы тапта мамлекеттик ишкананын бюджетке келтирген зыянын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылып жатат", — деп жазылат маалыматта.
18-майда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын каржы бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т., "А.Г." ЖЧКсынын жетекчиси А.А.И., "Г.П." ЖЧКсынын жетекчиси М.Г.Р. жана "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков менен анын уулу да коррупциялык схеманын катышуучусу делип кармалган.
Кийин Василий Дашков 18-июнга чейин бир айдын ичинде келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарты менен үй камагына чыгарылган.
Учурда тергөө жүрүп жатат.