Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБаткен районундагы Төрт-Күл суу сактагычы
Баткен районундагы Төрт-Күл суу сактагычы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
18-майга караган түнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 17-май. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Талас жергесинде +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +28…+33, Ысык-Көлдө +15…+20, Нарын өрөөнүндө +17…+22 градус жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +28…+30, Ош шаарында +31…+33 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0