Туугандары изделүүдө. РФтен кыргызстандыктар таштап кеткен 5 бала алып келинди

© AFP / TOBIAS SCHWARZӨспүрүм балдар. Архив
Өспүрүм балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Министрлик бөбөктөрдү кайтарып берүү үчүн тууган-туушкандарын издеп жатат. Азырынча кичинекейлер балдар үйүнө жайгаштырылган.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстанга Москва шаары менен Москва облусунан эки жашка толо элек беш бала алып келингенин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү боюнча министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул бөбөктөрдү кыргызстандык кыз-келиндер Россиядагы төрөт үйлөрүнө таштап кетишкен. Кичинекейлер мекенине алып келингенден кийин балдар үйлөрүнө убактылуу жайгаштырылган. Маалыматта министрлик бөбөктөрдү кайтарып берүү үчүн тууган-туушкандарын издеп жатканы айтылды.
2021-жылдын башынан тарта Кыргызстанга 11 бөбөк алып келинген. Алардын алтоосун ата-энеси таштап кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0