Бир суткада 224 адамдан COVID-19 табылып, сегиз киши көз жумду

© AFP / MONEY SHARMACOVID-19 байланыштуу көз жумган кишинин жанында медициналык кызматкер
COVID-19 байланыштуу көз жумган кишинин жанында медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2021
Жазылуу
Коронавирусту жуктуруп алган жана андан көз жумгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынан болууда. Бир суткада COVID-19дан борбор калаада беш, Чүйдө эки, Ысык-Көлдө бир адам каза болду.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 224 адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жуктургандар:
  • Бишкек — 150;
  • Чүй облусу — 41;
  • Ысык-Көл — 18;
  • Нарын — 6;
  • Ош — 3;
  • Ош облусу — 2;
  • Жалал-Абад — 2;
  • Талас — 2.
Баткен облусунда жаңы учур катталган жок.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 100 миң 473кө жетти. Анын ичинен 93 602 бейтап дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек — 192;
  • Чүй облусу — 74;
  • Ысык-Көл облусу — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 9;
  • Нарын облусу — 7;
  • Ош — 3;
  • Ош облусу — 2;
  • Талас облусу — 2;
  • Баткен облусу — 1.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде коронавирустан сегиз киши көз жумду. Анын бешөө Бишкектен болсо, экөө Чүйдөн, дагы бирөө Ысык-Көл облусунан. Ушуну менен каза тапкандардын саны 1 703кө жетти.
Ал эми 1 733 бейтап стационарда дарыланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0