00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Геополитика и ценности: почему западные нарративы в Евразии приводят к росту национализма — беседа с экспертом из Минска
14:08
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Цифровизация в каждом предмете или как в АГУПКР готовят современных управленцев
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как изменилась роль местных властей за 35 лет независимости Кыргызстана
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Вермахтын аскерлери “II фронт деп корккон партизандар”: Дүйнөлүк II согуштагы каршылык көрсөтүү кыймылдары
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
«КАСКО Эконом»: сколько стоит защитить машину от ДТП в 2026 году
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Кумтөрдү" улутташтыруу каралабы? Комиссия төрагасынын жообу

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Акылбек Жапаров. Архив
ЖК депутаты Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, кандай болбосун Кумтөр кени үзгүлтүксүз иштеп, ошол эле учурда жумушчулардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаралбашы керек.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия "Кумтөр голд компани" ишканасын улутташтыруу маселесин караган эмес жана карабайт. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.
Буга чейин Канада менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери өлкөнүн тоо-кен тармагына байланышкан акыркы окуяларга тынчсызданып жатканы боюнча билдирүү жасашкан. Алар дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин депутаттары "Кумтор голд компани" ишканасын улутташтыруу маселесин карашы ыктымалдыгын белгилешкен.
"Биз комиссиянын ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгардык. 12-майда айтылган эсептер менен бүтүмдөр күчүндө калды. Иш учурунда бир дагы жолу "Кумтөрдү" улутташтыруу маселеси каралган жок", — деди Жапаров.
Анын айтымында, дүйшөмбү күнү парламенттин жыйынында "Кумтор голд компани" ишканасы тарабынан кеткен кемчиликтер талкууланат.
"Кумтөрдө 19дан ашык адам каза болду. Бүгүнкү күндө биздин жарандардын коопсуздугу үчүн жооп берген компаниянын жетекчилиги Бишкекте эмес. Мындан сырткары, экологияга келтирилген чыгым дагы бар. Соттун чечими боюнча өлкө аймагындагы эң ири экологиялык чыгым ушул компания тарабынан келтирилген. Так ушул маселелер Жогорку Кеңеште талкууланат. Бирок мында улутташтыруу маселеси болгон эмес. Кумтөр кени үзгүлтүксүз иштеп, ошол эле учурда жумушчулардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаралбашы керек", — деди комиссиянын төрагасы.

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Садыр Жапаров тышкы башкаруу боюнча мыйзамга кол койду
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишимдин бузулуп жатканын айтып чыгышкан.
11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон. Анткен менен УКМКнын ала маалыматы боюнча, "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0