Бишкек: дагы эки мектеп карантинге жабылып, балдар үйдөн окумай болду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМектеп классын дезинфекциялоо. Архив
Мектеп классын дезинфекциялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Бишкек мэриясы ата-энелерди, Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлерин, медиктерди эпидемиологиялык абалга байкоо салып турууга чакырды.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы дагы эки — №66 менен №93 мектептин окуучулары бүгүн, 4-майда, аралыктан окууга өттү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясынан сегиз адам көз жумуп, 224 киши илдетти жуктуруп алды.
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Коронавирус менен ооругандар Бишкектеги кайсы ооруканадан орун таба алат
Учурда 10 мектеп карантинде турат. Алар: №61, №70, №6, №11, №12, №65, №33, №62, №64 жана №88 билим берүү мекемелери.
Мындан сырткары, 32 класс аралыктан билим алууда.
Эске салсак, буга чейин Бишкектеги алты:  №26, №63, №17, №35, №67 жана №24 мектептери карантинден чыккан эле.
Бишкек мэриясы балдар менен ата-энелерди, Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлерин, медиктерди эпидемиологиялык абалга байкоо салып, пандемия учурунда окуу процессине мониторинг жүргүзүп турууга чакырууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0