Баткенде белгисиз адамдар Sputnik агенттигинин кабарчысына кол салды

© © SputnikSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Зульфия Тургунова. Архив
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Зульфия Тургунова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Журналист облустук администрациянын имаратынын жанында өзүнүн кесиптик милдетин аткарып жаткан кезде ага карата кол салуу болгон.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткен облусунда белгисиз адамдар Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Зульфия Тургуновага кол салды.
Окуя журналист өзүнүн кесиптик милдетин аткарып жатканда, тагыраагы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жергиликтүү калк менен жолугушуусу учурунда болгон.
"Топтолгон эл камерага тартууга тыюу салды, мындан улам тартуу иштерин токтоттум. Ташиевдин сөзүн угуш үчүн эл чогулган жерге барганымда эркектер түртүп, жерге сүйрөштү. Ташиевди кайтарган атайын даярдыктагы аскерлер карап турушту, чара көрүшкөн жок. Ташиев менен облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиев дагы буга күбө болушту”, — деди Тургунова.
Баткен облустук ИИБ маалыматты тактап жатат. Учурда журналисттин абалы жакшы.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков журналисттин кесиптик милдетин аткарууга бөгөт коюу, айрыкча ага кол салуу аракетине мыйзам боюнча тартип сакчылары жол бербеши керектигин белгилеп, антпесе, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Адамды коркунучта калтыруу” беренеси укук коргоочуларга карата иштеп каларын эскертти. 
Лейлек районундагы чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Милиция: Лейлекте ок бирде атылып, бирде токтоп жатат
"Учурда жеринде Sputnik Кыргызстан агенттигинин башка тартуу тобу иштеп жатат. Журналисттер Бишкектен Баткенге жеткичекти биз аймактык кабарчы Зульфия Тургунованы Камчыбек Ташиевдин эл менен жолугушуусун чагылдырууга жардам берүүнү суранганбыз. Белгилей кетчү жагдай, адамга кол салуу — бул Кылмыш-жаза кодексиндеги өзүнчө берене. Мында журналисттин кесиптик милдеттерине дагы бөгөт коюлган. Биз, албетте, андагы кырдаалды, элдин эмоциясын түшүнүп турабыз. Бирок ошол эле учурда мыйзам бузууга эч кимдин укугу жок. Журналисттердин иши ушундай, элге маалымат жеткирүү керек. Кыргызстандын элине жана дүйнөлүк коомчулукка туура эмес маалыматтар тарап кетпеши үчүн, тескерисинче, журналисттерди коргоого чакырам. Алар чек арадагы кырдаалга тыкыр көз салып жатышат. Маалыматтар кесипкөй адистер тарабынан текшерилип жайылтылганы оң. Укук коргоо органдарын бул ишке кийлигишүүгө, журналисттерге каршы мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырам”, — деди агенттиктин шеф-редактору.
Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында эл менен жолугушту.

Баткендеги чек ара чыры

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
УКМК төрагасы Камчыкбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Ташиев тажик УКМКсынын жетекчиси менен жолукту. Эмне тууралуу сөз болду
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.
Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Баткендеги чек арадагы кырдаал тууралуу акыркы маалыматтарды биздин Telegram каналыбыздан окуңуздар.
Чек арадагы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция да жүргүзүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0