https://sputnik.kg/20210429/sadyr-zhaparov-bishkek-kunu-kuttuktady-1052300566.html
Садыр Жапаров калаа тургундарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады
Садыр Жапаров калаа тургундарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады
Sputnik Кыргызстан
Президент кыргызстандыктар үчүн борбор калаа дайыма толеранттуулуктун, жогорку маданияттын өзөгү, илим менен билимдин булагы болуп саналарын белгилеген. 29.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-29T11:55+0600
2021-04-29T11:55+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
садыр жапаров
бишкек
куттуктоо
https://sputnik.kg/img/07e5/04/07/1052030742_0:94:2835:1689_1920x0_80_0_0_5214f03258dfc9a38bc609ed003e82b9.jpg
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров борбор калаанын тургундары жана меймандарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.Өлкө жетекчисинин куттуктоо сөзүнүн толук тексти:"Ардактуу Бишкек шаарынын тургундары!Кадырлуу меймандар!Сиздерди Бишкек шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктаймын!Борборубуз — өлкөбүз үчүн өзгөчө шаарлардын бири. Анткени кыргызстандыктар үчүн борборубуз дайыма толеранттуулуктун, жогорку маданияттын өзөгү, илим менен билимдин булагы болуп саналат.Быйыл Бишкек шаарынын негизделгенине 143 жыл толот. Шаар күнүнө карата борбор калаабыз атын алып жүргөн даңазалуу Бишкек баатырдын айкелин орноттук.Өлкөбүз эгемендик макамын алгандан бери борборубуз өз өнүгүүсүндө экономикалык, транспорттук, билим жана маданий борбору катары маанилүү баскычты басып өтүүдө.Шаар жаңы рынок шартында, жаңы өзгөрүүлөрдүн толкунунда өз жолун оңой эмес шартта басып, өнүгүүдө. Бир миллиондон ашык калк жашаган Бишкек шаарында жаӊы имараттар курулуп, заманбап инфраструктуралык объектилер пайда болууда, жолдор оӊдолуп, көрктөндүрүлүп, кооз, жашыл, ыңгайлуу шаарга айланып келе жатат.Бишкек шаарынын эң баалуу байлыгы — бул анын тургундары. Шаардын өнүгүп-өсүү тарыхында көптөгөн муундардын, түпкүлүктүү жашоочулардын жана тагдыр толкуну менен келип отурукташкан кесипкөй адистердин эмгеги жана салымы чоң. Бул байлыкты сактап калуунун, өнүктүрүүнүн келечек үчүн чоң мааниси бар.Урматтуу шаардыктар жана коноктор!Бишкек биз үчүн өнүгүп-өсүүгө дем берген, терең ишенимге жана асыл максаттарга шыктандырган, бардыгын жүрөгүнө батырган, жаркын келечекке үндөгөн сүйүктүү шаарыбыз боло берет.Бул үчүн биз, баарыбыз, жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшүбүз керек. Ар кимдин өзүнүн кичи мекени бар экендигине карабастан, борбор калааны сүйө жана баалай билиши зарыл. Бишкек — бул сиздер менен биздин үйүбүз. Биз үйүбүздү көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз.Урматтуу бишкектиктер!Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалаймын. Ар бир үйгө береке толуп, борборубуз Бишкек мындан ары гүлдөп, өнүгүп өсө берсин!".
https://sputnik.kg/20210428/ata-mekendik-sogush-ardager-70-min-som-1052292435.html
https://sputnik.kg/20200429/Borbor-kalaa-tuuraluu-142-fakt-1048084024.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/07/1052030742_172:0:2663:1868_1920x0_80_0_0_c4237e251ab9c1395e172920ecc94b4c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, садыр жапаров, бишкек, куттуктоо
жаңылыктар, коом, кыргызстан, садыр жапаров, бишкек, куттуктоо
Садыр Жапаров калаа тургундарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады
11:55 29.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Президент кыргызстандыктар үчүн борбор калаа дайыма толеранттуулуктун, жогорку маданияттын өзөгү, илим менен билимдин булагы болуп саналарын белгилеген.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров борбор калаанын тургундары жана меймандарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Өлкө жетекчисинин куттуктоо сөзүнүн толук тексти:
"Ардактуу Бишкек шаарынын тургундары!
Сиздерди Бишкек шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Борборубуз — өлкөбүз үчүн өзгөчө шаарлардын бири. Анткени кыргызстандыктар үчүн борборубуз дайыма толеранттуулуктун, жогорку маданияттын өзөгү, илим менен билимдин булагы болуп саналат.
Быйыл Бишкек шаарынын негизделгенине 143 жыл толот. Шаар күнүнө карата борбор калаабыз атын алып жүргөн даңазалуу Бишкек баатырдын айкелин орноттук.
Өлкөбүз эгемендик макамын алгандан бери борборубуз өз өнүгүүсүндө экономикалык, транспорттук, билим жана маданий борбору катары маанилүү баскычты басып өтүүдө.
Шаар жаңы рынок шартында, жаңы өзгөрүүлөрдүн толкунунда өз жолун оңой эмес шартта басып, өнүгүүдө. Бир миллиондон ашык калк жашаган Бишкек шаарында жаӊы имараттар курулуп, заманбап инфраструктуралык объектилер пайда болууда, жолдор оӊдолуп, көрктөндүрүлүп, кооз, жашыл, ыңгайлуу шаарга айланып келе жатат.
Бишкек шаарынын эң баалуу байлыгы — бул анын тургундары. Шаардын өнүгүп-өсүү тарыхында көптөгөн муундардын, түпкүлүктүү жашоочулардын жана тагдыр толкуну менен келип отурукташкан кесипкөй адистердин эмгеги жана салымы чоң. Бул байлыкты сактап калуунун, өнүктүрүүнүн келечек үчүн чоң мааниси бар.
Урматтуу шаардыктар жана коноктор!
Бишкек биз үчүн өнүгүп-өсүүгө дем берген, терең ишенимге жана асыл максаттарга шыктандырган, бардыгын жүрөгүнө батырган, жаркын келечекке үндөгөн сүйүктүү шаарыбыз боло берет.
Бул үчүн биз, баарыбыз, жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшүбүз керек. Ар кимдин өзүнүн кичи мекени бар экендигине карабастан, борбор калааны сүйө жана баалай билиши зарыл. Бишкек — бул сиздер менен биздин үйүбүз. Биз үйүбүздү көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз.
Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалаймын. Ар бир үйгө береке толуп, борборубуз Бишкек мындан ары гүлдөп, өнүгүп өсө берсин!".