https://sputnik.kg/20210423/ehlechek-kitebi-bash-bajgeni-aldy-1052233665.html
Салттуу баш кийимди даңазалаган "Элечек" китеби улуттук сынактан баш байге алды
Салттуу баш кийимди даңазалаган "Элечек" китеби улуттук сынактан баш байге алды
Sputnik Кыргызстан
"Элечек" китеби — сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы. 23.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-23T13:24+0600
2021-04-23T13:24+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
маданият
элечек
китеп
сынак
эмгек
басмакана
https://sputnik.kg/img/07e5/04/17/1052233624_0:262:1000:827_1920x0_80_0_0_efd4f206ae4ad863b2302bee3fb4a68e.jpg
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "Улуу тоолор" басмаканасы сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулованын "Элечек" китебин басып чыгарганы үчүн "Китеп искусствосу" сынагынан баш байгени алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине сыйлык ээлери маалымдады.Алардын айтымында, аталган улуттук сынак типографиялар арасында өткөрүлгөн. Басма баш байгени "Алтын мукаба" номинациясында алган. Иш-чара жылда уюштурулат."Элечек" китеби — сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы. Аталган фонд кыргыздын салттуу элечегин жайылтуу максатында иштеп, аялдардын баш кийимин ийне-жибине чейин изилдеп келе жатат. Аталган китепте элечектин 20 түрү, алардын келип чыгуу тарыхы менен кошо башка да салттуу кийимдер тууралуу маалыматтар бар. Эмгектеги маалыматтар көздүн жоосун алган сүрөттөр менен коштолгон. Китеп кыргыз, орус, англис тилдеринде чыккан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/17/1052233624_0:230:1000:859_1920x0_80_0_0_53aa022a106ef00a7a0d8aef985b13a4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият, элечек, китеп, сынак, эмгек, басмакана
жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият, элечек, китеп, сынак, эмгек, басмакана
Салттуу баш кийимди даңазалаган "Элечек" китеби улуттук сынактан баш байге алды
13:24 23.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) "Элечек" китеби — сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "Улуу тоолор" басмаканасы сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулованын "Элечек" китебин басып чыгарганы үчүн "Китеп искусствосу" сынагынан баш байгени алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине сыйлык ээлери маалымдады.
Алардын айтымында, аталган улуттук сынак типографиялар арасында өткөрүлгөн. Басма баш байгени "Алтын мукаба" номинациясында алган. Иш-чара жылда уюштурулат.
"Элечек" китеби — сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы. Аталган фонд кыргыздын салттуу элечегин жайылтуу максатында иштеп, аялдардын баш кийимин ийне-жибине чейин изилдеп келе жатат. Аталган китепте элечектин 20 түрү, алардын келип чыгуу тарыхы менен кошо башка да салттуу кийимдер тууралуу маалыматтар бар. Эмгектеги маалыматтар көздүн жоосун алган сүрөттөр менен коштолгон. Китеп кыргыз, орус, англис тилдеринде чыккан.