https://sputnik.kg/20210414/zombulukka-kabylgandar-aman-kaluunun-zholu-1052118124.html
Айтканы менен болуп, алдаңыз. Зомбулукка кабылган адам көрчү аракеттер
Айтканы менен болуп, алдаңыз. Зомбулукка кабылган адам көрчү аракеттер
Sputnik Кыргызстан
Эксперттердин айтымында, зөөкүр менен жашагандар үйдөн кетүүнүн планын иштеп чыгып алганы оң. Алгач жашай турчу жерин аныктап, өтө керектүү нерселерди жанына... 14.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-14T09:07+0600
2021-04-14T09:07+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
зордук-зомбулук
өмүр
ден соолук
жардам
https://sputnik.kg/img/103488/12/1034881284_0:297:6016:3681_1920x0_80_0_0_db2a7196216c86a13c8680675445c9cc.jpg
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Зомбулукка кабылган адам ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбеши үчүн кандай аракеттерди кылышы керектигин Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борбору айтып берди.Мекеменин эксперттерге таянып тараткан кеңешине ылайык, зөөкүр менен жалгыз калганда эң башкысы аман калуунун жана азыраак зыян тартуунун аракетин көрүү зарыл.Ал эми зөөкүр менен жашагандар үйдөн кетүүнүн планын иштеп чыгып алганы оң."Жакындардан, достордон же кризистик борборлордон баш калкалай турчу жай табыңыз. Паспорт сыяктуу керектүү документтерди чогултуңуз. Акча, дары-дармек, гигиеналык каражаттарды алып алыңыз", — деп жазылган маалыматта.Буга чейин зомбулукка кабылгандар жана күбө болгондор үчүн аймактардагы кризистик борборлордун жана ички иштер башкармалыктардын номерлери тизмектелген.
https://sputnik.kg/20210408/kyrgyzstan-myjzam-ala-kachuu-zhaza-ajyp-pul-1052043829.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103488/12/1034881284_447:0:5802:4016_1920x0_80_0_0_1a4f7730294ba1248779b439114df91f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, зордук-зомбулук, өмүр, ден соолук, жардам
жаңылыктар, коом, кыргызстан, зордук-зомбулук, өмүр, ден соолук, жардам
Айтканы менен болуп, алдаңыз. Зомбулукка кабылган адам көрчү аракеттер
09:07 14.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Эксперттердин айтымында, зөөкүр менен жашагандар үйдөн кетүүнүн планын иштеп чыгып алганы оң. Алгач жашай турчу жерин аныктап, өтө керектүү нерселерди жанына алып алуусу зарыл.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Зомбулукка кабылган адам ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбеши үчүн кандай аракеттерди кылышы керектигин Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борбору айтып берди.
Мекеменин эксперттерге таянып тараткан кеңешине ылайык, зөөкүр менен жалгыз калганда эң башкысы аман калуунун жана азыраак зыян тартуунун аракетин көрүү зарыл.
"Урушуп, талашуудан качып, айтканы менен болуп алдап көрүңүз. Ага да болбосо качыңыз, бирок шек алдырбаңыз. Анан милицияга чалыңыз же көчөдөгү элге кайрылыңыз. Окуя болгон жерге медиктерди да чакыртып, жаракаттарды каттатып калуу керек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми зөөкүр менен жашагандар үйдөн кетүүнүн планын иштеп чыгып алганы оң.
"Жакындардан, достордон же кризистик борборлордон баш калкалай турчу жай табыңыз. Паспорт сыяктуу керектүү документтерди чогултуңуз. Акча, дары-дармек, гигиеналык каражаттарды алып алыңыз", — деп жазылган маалыматта.
Буга чейин зомбулукка кабылгандар жана күбө болгондор үчүн аймактардагы кризистик борборлордун жана ички иштер башкармалыктардын
номерлери тизмектелген.