Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эшенгулов: Соң-Көл — келип чыгышы боюнча тектоникалык көл

© Sputnik / Асель СыдыковаТопонимист, картограф Темиркул Эшенгулов
Топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Соң-Көл пайда болушу жагынан тектоникалык көлдөргө кирерин айтты.
Соң-Көл деген аталыш илимпоздордун айтуусу боюнча моңголдун "цон кёль" деген сөзүнөн алынып, түз которгондо "таштуу көл" дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.
Эшенгулов: Соң-Көл — келип чыгышы боюнча тектоникалык көл
Анын айтымында, Соң-Көл деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашкан.
"Соң-Көл тектоникалык көл болуп эсептелет. Мындай тектоникалык көлдөрдөн Кыргызстанда үчөө бар. Ысык-Көл, Чатыр-Көл жана Соң-Көл. Бирок аты аталган эки көлдөн тең суу агып чыкпайт, ал эми Соң-Көлдөн сыртка суу чыгат. Аталышына токтоло турган болсок, окумуштуу Садыбакас Өмүрзаковдун жазганы боюнча, моңгол тилинен которгондо "таштуу көл" дегенди түшүндүрөт. Бирок Соң-Көлдүн жери таштуу эмес, тегиз келет. Андагы ар бири 200-300 килограмм салмактагы таштар жердин кооздугун арттырып турат. Андыктан Соң-Көлдүн маанисин "кооз көл" деп билишибиз керек", — деди Эшенгулов.
Топонимист Соң-Көл көлөмү жагынан республикада экинчи орунду ээлеп, Ысык-Көлдөн кийинки сапта турарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0