Ноорузда кимдин күлүгү биринчи келди. Туягынан от чыккан тулпарлардын видеосу

Жазылуу
Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Нооруз майрамына арналган ат оюндарынын алкагында ат чабыш өттү. Жорголор 8,8 чакырымга, ал эми күлүктөр 19 чакырымга чуркады.
Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орундун ээлери:
Кунан чабыш, катышуучулардын саны – 14.
  • 1-орун – Дубай, ээси Нурланбек Ибраимов, саяпкери Нурадил Асанов, байгеси – 26 000 сом;
  • 2-орун – Датка, ээси жана саяпкери Асылбек Кадыркулов, байгеси – 14 000 сом;
  • 3-орун – Барас, ээси Айбек Касымов, саяпкери Калыйдулда Аркарчиев, байгеси – 10 000 сом.
Жорго салыш, катышуучулардын саны – 17.
  • 1-орун – Бест, ээси "Мурас" жылкы фермасы, саяпкери Турсунбек Адамалиев, байгеси – 27 000 сом;
  • 2-орун – Латиф, ээси Нурлан Касымканов, саяпкери Жаныш Аламанов, байгеси – 16 000 сом;
  • 3-орун – Акжолтой, ээси "Асанбек Ата" жылкы фермасы, саяпкери Жеңишбек Батыркулов, байгеси – 11 000 сом.
Аламан байге, катышуучулардын саны – 18.
  • 1-орун – Тулпар, ээси Канымбек Бегалиев, саяпкери Солдат Раймалиев, байгеси – 31 000 сом;
  • 2-орун - Байсангур, ээси "Алиаскар-Ата" жылкы фермасы, саяпкери Бактияр Уларбеков, байгеси – 21 000 сом;
  • 3-орун – Каракуш, ээси Нурлан Касымханов, саяпкери Айбек Сатыбалдиев – 11 000 сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0